БОШ ОРУН ЖАБЫЛГАН
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕР:
* Долбоордук жана жумуштук документтеринин тоо-кен бөлүмү боюнча түшүндүрмө каттарын түзүү;
* Иштелген тоо-кен көлөмүн арттыруу жолдорун эсептеп чыгуу.
* Желдетүү системасын (вентиляция) эсептеп чыгуу.
* Тоо-кен иштерине киришүү долбоорлорун түзүү, тоо-кен иштерин өркүндөтүү программасын иштеп чыгуу жана жылдык отчетторду даярдоо.
* Жер асты кен-жайын долбоорлоо боюнча консультанттар менен иш-аракеттерди координациялоо.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
* Тоо-кен инженери адистиги боюнча профилдик жогорку билимге ээ болуу.
* Аталган багытта 5 жылдан кем болбогон иш тажрыйбасына ээ болуу.
* Тоо-кен ишканаларында долбоорлоо процесстерин уюштуруу иштерин билүү.
* Ачык ыкма менен/жер астынан кенди казып алуу иштерин жүргүзүү боюнча бардык процесстердин технологиясын жана комплекстик механизациясын билүү.
* Долбоордук документтер менен иштегенди билүү.
* Жер астындагы кен-жайлардагы өндүрүш процесстерин ийне-жибине чейин билүү.
* Ачык ыкма менен/жер астынан кенди казып алуу иштерин аткаруу учурунда колдонулган нормативдик документтерди жана коопсуздук эрежелерди билүү.
* Жер казынасын жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мызамдарды жана башка нормативдик-укуктук акттарды билүү;
* Жер астындагы тоо-кен иштерин жүргүзүүнүн бардык этаптарын билүү.
* «В» категориясындагы айдоочунун күбөлүгүнө ээ болуу.
* Autocad, GEMS, Micromine, Surpac сыяктуу тоо-кен ишинде колдонулган программаларды колдонуп билүү;
* Англис тилин билүү.
Минималдуу талаптарга жооп берсеңиз, анкета, резюмеңизди жана эмгек китепченин копиясын 2018-ж. 29-январь саат 16:00 чейин HR_Kumtor@kumtor.com дарегине электрондук почта аркылуу же 720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 («Учкун» ААКу, 10-кабат) дарегине тапшырсаңыз болот.
Анкетаны жана резюмени электрондук почта аркылуу тапшырганда, каттын темасында билдирменин номерин/кызмат ордун жазышыңыз абзел.
Билдирменин номери:KS-18-03
Анкетаны бул жерден жүктөп алсаңыз болот.
Маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.