Вакансия жабык

КГК убактылуу иш орунга сынак жарыялайт

ЖЕР АЛДЫНДА КЕН ИШТЕТҮҮ БОЮНЧА ТОО-КЕН ИНЖЕНЕР (БИШКЕК) Билдирүүнүн номуру: KS-19-07

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕР:

  • Долбоордук жана иш кагаздарындагы тоо-кен маселелери боюнча түшүндүрүү каттарын жазуу.
  • Жер алдында кен иштетүү этаптарын пландоо, бюджет жана чыгымдардын прогнозун түзүү.
  • Баардык долбоорлорду иштеп чыгуу (типтүү долбоор, БЖИ паспорту).
  • Вентиляция жана шахтадан суу сордуруу иштерин моделдештирүү жана эсептөө.
  • Жер алдындагы кенди долбоорлоо боюнча кеңешчилер менен жумушту координациялоо.
  • Тоо-кен иштерин өнүктүрүү боюнча пландарды иш жүзүнө ашыруу долбоорлорун, тоо-кен иштерин өнүктүрүү боюнча программаларын, жылдык отчетторду түзүү.
  • Долбоорду жүзөгө ашыруу тартибин ай сайын жаңыртып турууга жооп берүү.
  • Тоо-кен иштерин аткарууда кабыл алынган ар кандай чечимдерди негиздеп берүү үчүн презентацияларды даярдоо.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • «Тоо-кен инженери» адистиги боюнча жогорку билим жана жер алдындагы шарттарда иштеген 3 жылдан кем эмес эмгек тажрыйбасынын болушу.
  • Тоо-кен ишканаларында долбоорлоону уюштурууну, технологияларды жана ачык/жер алдында кен иштетүүнүн баардык процесстерин комплекстүү механизациялоону, жер алдында кен иштетүүнүн процесстерин мыкты билүү.
  • Долбоордук иш-кагаздар менен иштей билүү; аракеттеги нормативдик иш кагаздарды жана ачык/жер алдында кен иштетүүдөгү коопсуздук эрежелерин, ошондой эле кен аймагы менен айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы башка укуктук-ченем актыларын билүү.
  • Тоо-кен тармагына тийиштүү болгон AutoCAD, GEMS, Micromine, Surpac, Mineshed, Ventsim, MS Project программаларын билүү жана аларды колдонуу.
  • Англис тилин билүү.
  • «В» категориясындагы айдоочунун күбөлүгү.

Анкета жана резюмени 2019-ж. 25 январы саат 16:00-чейин HR_Kumtor@kumtor.com электрондук почта аркылуу же 720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 («Учкун» АКнун имараты, 10-кабат) дарегине, же региондогу КГКнын кеңселерине (Каракол ш., Балыкчы ш.)  тапшырсаңыз болот

Анкетаны бул жерден жүктөп же жогоруда берилген даректен алсаңыз болот

Анкетада билдирменин номерин көрсөтүү зарыл: KS-19-07.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ