Вакансия жабык

“Кумтөр Голд Компани” убактылуу бош орунга сынак жарыялайт

ЖЕР АЛДЫНДА КЕН ИШТЕТҮҮ БОЮНЧА ИНЖЕНЕР-ГЕОТЕХНИК (БИШКЕК)  Билдирүүнүн номуру: KS-19-08

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕР:

  • Тоо-кен иштерине геотехникалык көзөмөл жүргүзүү, тоо-кен иштерин геотехникалык жактан коштоочу планын жана кендин геомеханикалык үлгүсүн түзүү – домендерди, геологиялык жана литологиялык айырмачылыктарды, ошондой эле негизги геологиялык түзүлүштөр менен жарака тутумдарын аныктоо.
  • Байкоо жүргүзүүчү тутумунун иштөөсүн жана жүргүзүлүүчү ченөөлөрдүн ырааттуулугун көзөмөлдөө.
  • Геотехникалык тобокелдиктерди аныктоо жана алардын алдын алуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу.
  • Жер алдындагы кендин геотехникалык маалыматтар базасын жүргүзүү жана компаниянын геотехникалык кызматынын ишмердүүлүгү боюнча кварталдык/жылдык отчетторду даярдоо.
  • Геотехникалык байкоо жана геотехникалык бургулоо боюнча перспективдүү пландарды иштеп чыгуу.
  • Тосмолорду тандоого катышып, алардын долбоордук чечимдерге дал келүүсүн көзөмөлдөө.
  • Байкоолордун жыйынтыктарын изилдеп, ченемден чыгууларын аныктоо.

 МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • Тоо-кен иштери тармагында жогорку билими жана тоо-кен инженери же жер алдында кен иштетүү боюнча инженер-геотехник болуп иштеген 3 жылдан кем эмес эмгек тажрыйбасынын болушу.
  • MS Office, AutoCAD, Surpac, Micromine программаларын мыкты билүү, атайын геотехникалык программаларды билүүгө артыкчылыктар берилет.
  • Ачык жана жер алдында кен иштетүү технологияларын билүү; маркшейдерлик ченөөлөрдүн негиздерин билүү жана маркшейдер аспаптары менен иштөө жөндөмдүүлүгү.
  • Ачык жер алдында кен иштетүүдөгү негизги геомеханикалык процесстерди түшүнүү.
  • Адистештирилген жабдуулар менен иштөө тажрыйбасы (инклинометр жана экстензометр, пьезометр, термистор, оптикалык тахеометр, георадар/сканер).

Анкета жана резюмени 2019-ж. 25 январы саат 16:00-чейин HR_Kumtor@kumtor.com электрондук почта аркылуу же 720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 («Учкун» АКнун имараты, 10-кабат) дарегине, же региондогу КГКнын кеңселерине (Каракао ш., Балыкчы ш.)  тапшырсаңыз болот

Анкетаны бул жерден жүктөп же жогоруда берилген даректен алсаңыз болот

Анкетада билдирменин төмөнкү номерин көрсөтүү зарыл: KS-19-08.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ