«Кумтөр» компаниясы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин дарегине кат жөнөттү

«Кумтөр» компаниясы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин дарегине кат жөнөттү

Жарыяланган: 30 May 2013

Kumtor Operating Company

«Кумтөр» компаниясы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин дарегине кат жөнөттү, анда 2013-жылдын 27-майында «Кумтөр» кен ишканасына барчу жолду тосуп алышкан адамдардын тобунун талаптарына жоопторду баяндады. Бул талаптар мыйзамсыз акцияны өткөрүүнүн алдыңкы күнү компанияга берилген.
Төмөндө жооп кыскартылбастан толук келтирилет:

Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри улуу урматтуу Ж.Ж. Сатыбалдиевге

Жолду жабууну уюштургандардын талаптарына жооп


Кумтөр Кыргызстанда эң ири ишкана жана жана салык төлөөчү болгондугуна карабастан, бүгүн ага карата күтүүлөр алардын кесепеттери, ошондой эле жүзөгө ашырылуусу көз карашынан салмактанылган болуусу зарыл. 1994-жылы өзү түзүлгөн күндөн баштап «Кыргызалтын» ААКсына гонорарларды жана төлөп берүүлөрдү, жергиликтүү сатып алууларды жана башка ар кандай төлөп берүүлөрдү же төлөмдөрдү, ошондой эле Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна 27,6 миллион АКШ долларын эсепке албаганда да, Кумтөр киреше салыгы, Соцфондго которуулар, минералдык базаны жаңыртууга салык, бажы төлөмдөрү жана жыйымдар, дивиденддерди төлөп берүүлөр жана КРнын бюджетине башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1,2 миллиард АКШ долларын төлөдү. Бул мугалимдердин, дарыгерлердин, кичи медперсоналдын, милиция кызматкерлеринин эмгек акыларын финансылоого, бүтүндөй өлкө боюнча жолдордун курулушун жана реконструкциясын жана башка инфраструктураны финансылоого да мүмкүндүк берди. Бирок, мүмкүнчүлүктөрүнө карабатан, Кумтөр өлкөдөгү бардык проблемаларды өзүнүн эсебинен чече албайт.

Өлкөнүн бюджетине төлөнүүчү салыктарга кошумча Кумтөр өзүнүн бюджетинен жергиликтүү жамааттарга түз инвестицияларды жүзөгө ашырат, мында бул муктаждыктарга сумма 2009-жылдагы 781 000 АКШ долларынан 2013-жылга пландаштырылган 6 миллион АКШ долларына чейин өскөн. Жергиликтүү жамааттарга түз жардамга багытталган төлөп берүүлөрдүн жалпы суммасы 12,388 миллион АКШ долларын түзөт (2013-жылга сумманы кошо алганда). «Центерра Голд» корпорациясы стратегиялык инвестициялык фондду да финансылоодо, ал 2011-жылдан бери Кыргызстанда мектептердин ремонтуна жана микрокредиттик агенттикти түзүүгө 32 миллион АКШ долларын бөлдү.

Кумтөр тараптан Кыргызстандын экономикасына эң чоң салым жергиликтүү продукцияны жана кызматтарды сатып алууга негизделет. Бул Кумтөр өзгөчө аракеттерди жумшаган чөйрө жана иштеген жылдары биздин жергиликтүү сатып алууларга жалпы суммабыз дайыма көбөйүүдө. Бизден бул талап кылынбаса да, биз узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелерди куруу максатында аларга кызматтардын сапатын жана бизнес-процесстерди жакшыртууга жардам берүү үчүн жергиликтүү берүүчүлөр менен тыгыз иштешебиз. Бул программа өтө ийгиликтүү жана азыркы учурда биз менен 566 жергиликтүү товарларды жана кызматтарды берүүчүлөр иштешет.

Акыркы 3 жылда эле Кумтөр жергиликтүү берүүчүлөр аркылуу Кыргызстандын экономикасына 153 миллион АКШ доллары суммасында кошумча берди. Кумтөр жергиликтүү рынокто акча жумшаганда бул иш орундарын түзөт жана КРнын Өкмөтүнө кошумча салык төлөмдөрүн берет. Мына ошентип, мунун натыйжасында Кумтөрдүн бүтүндөй Кыргызстан боюнча позитивдүү таасир этүүсү көбөйүү натыйжасына ээ.

Жергиликтүү жамааттар менен иштөөнүн жана регионду өнүктүрүүнүн алкактарында Кумтөр ишкананы жабуу перспективасы жөнүндө (азыркы учурда 2026-жылга пландаштырылууда) ойлоону маанилүү деп эсептейт. Компания ишкананы жабуу менен менен байланышкан таасирди кыскартуу багытында иштөөдө. Дал мына ошол себептен биз өз өнөктөштөрүбүз аркылуу майда жана орто бизнести өнүктүрүү, айыл чарба секторун өнүктүрүүнү колдоо, жаштар, билим берүү жана маданият чөйрөсүндө долбоорлорду жүзөгө ашыруудабыз. Бул долбоорлор потенциалды жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, экономиканы диверсификациялоого жана Ысык-Көл областында Кумтөрдөн көз каранды болбогон диверсификацияланган жана бекем экономиканы түзүү аркылуу ишкананы жабуу стадиясында кен ишканасынын таасирин кыскартууга багытталган.

Жети-Өгүз районун кошо алганда, Ысык-Көл областына Кумтөрдүн колдоосунун дагы башка чөйрөсү болуп демөөрчүлүк жардамдарын берүү жана анча чоң эмес долбоорлорду жүзөгө ашыруу саналат. Бул долбоорлорду жүзөгө ашыруунун маанилүү бөлүгү болуп айрым бир чектөөлөрдү сактоо менен адамдардын муктаждыктарын канааттандыруу жана кызыкчылыктарын жана приоритеттерин колдоо саналат. Мисалы, Кумтөр жергиликтүү деңгээлде айыл өкмөтү жана жергиликтүү калк менен туруктуу иштешет. Регион жетишээрлик ар түрдүү жана ар кандай муктаждыктарга жана приоритеттерге ээ болгондуктан, жергиликтүү жана областтык башкаруу органдарынын, жергиликтүү ӨЭУлардын, жаштар топторунун жана башка уюмдардын өкүлдөрүнөн куралган регионалдык комитет түзүлгөн. Регионалдык комитеттин ишинин максаты маанилүү маселелерди талкуулоо, ошондой эле бүтүндөй область боюнча долбоорлордун жана демөөрчүлүк жардамдардын приоритеттүүлүгүн аныктоо да болуп саналат. Бул Кумтөр берип жаткан жардамдардан бүтүндөй область үчүн пайда алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Бул катка Кумтөрдүн бюджетинен 2012 – 2013-жж. Жети-Өгүз районунда жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө демөөрчүлүк жардамдардын жана жүзөгө ашырылып долбоорлордун тизмеси тиркелет.

Ысык-Көл областын өнүктүрүү фонду


Инвестициялык макулдашуунун алкактарында Кумтөр дүң кирешеден 1%ды Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна которот. Бул фонддун максаты болуп мектептер, балдар бакчалары, поликлиникалар, ооруканалар жана социалдык инфраструктуранын башка объектилери сыяктуу социалдык объектилердин курулушуна финансылоо берүү саналат.

2009-ж. өзү негизделген күндөн 2012-ж. аягына чейин Кумтөр бул фондго 24,2 миллион АКШ долларын бөлдү, а 2013-ж. алгачкы 4 айында фондго 3,4 миллион АКШ доллары берилген, ал жалпысынан 27,6 миллион АКШ долларын түзөт.

Ысык-Көл областын өнүктүрүү фонду фонддун директору жетектеген жана областтын губернаторунун контролу астында турган комитет аркылуу финансы каражаттарын берет. Ар бир райондун акими райондогу долбоорлорду жүзөгө ашырууга сунуштарды Байкоочу комитеттин кароосуна бере алат. Кумтөр Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы жана Балыкчы шаарындагы долбоорлорго вето коюу укугуна ээ. Биз Жети-Өгүз районунун жашоочулары коюп жаткан талаптардын көбүн Ысык-Көл областын өнүктүрүү фонду аркылуу чечүүгө болот деп эсептейбиз.

Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондунан пайда демөөрчүлүк жардамдарын берүүнү алкактарынан чыгып кетет. Мектептер, ооруканалар, поликлиникалар жана балдар бакчалары сыяктуу инфраструктура объектилерин курууда подряддык уюмдар пайдаланылат. Аны менен кошумча иш орундары түзүлөт. Курулуш аяктагандан кийин мугалимдер, дарыгерлер, кичи медперсонал жана башка кесиптегилер үчүн кошумча иш орундары түзүлөт жана мунун баары Ысык-Көл областынын жашоочуларынын жашоо деңгээлин жогорулатуу менен катар эле туруктуу киреше берүүгө жана узак мөөнөттүү экономикалык пайдаларды берүүгө багытталган.

№ 1 жана № 2 талаптар: ооруканаларды жана поликлиникаларды финансылоо жана жабдуулар менен жабдуу


Кыргызстанда медициналык тейлөө Саламаттыкты сактоо министрлиги аркылуу жүзөгө ашырылат, ал мамлекеттик саясатты аныктайт жана бүтүндөй республика боюнча ар кандай медициналык мекемелердин тибин жана жайгашуу ордун кошо алганда, зарыл медициналык тейлөө деңгээлин аныктоо үчүн жооп берет.

Учурдагы «Ден-соолук» 5 жылдык стратегиясы министрлик жана бул программага ылайык Кыргызстанда саламаттыкты сактоо секторун жарым-жартылай финансылашкан ар кандай эл аралык донор уюмдар менен макулдашылган.

Бул стратегия тейлөөнүн деңгээлин гана эсепке албастан, жабдууда иштөө үчүн квалификациялуу персоналды окутууга жана процедураларды натыйжалуу жана үнөмдүү ыкма менен аткарууга да кепилдик берет.

Өз тарабынан Кумтөр да ооруканаларга жардам көрсөтүү боюнча долбоорлорду колдойт жана жакында Каракол областтык ооруканасына интенсивдүү терапия бөлүмү үчүн генератор берди жана жакынкы мезгилде областтык төрөт үйүнүн ремонтуна жардам көрсөтмөкчү. Кумтөр 2011-ж. Барскоон айылындагы төрөт үйүнүн ремонтуна да катышкан.

Азыркы учурда Центерра Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Кыргыз Республикасынын кардиологиялык борборуна финансылоо берүү боюнча иштеп жатат. Жети-Өгүз районунун жашоочулары бул демилгени жүзөгө ашыруудан түз пайда алмакчы.

№ 3 жана № 7 талаптар: Суу


Жашоонун сапатына жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүнө келгенде суу өтө маанилүү фактор болуп саналаары айкын. Мисалы, ирригациялык суу айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүшкөн жана аны менен өздөрүнө каражат табышкан адамдар үчүн зарыл.

Жакында Кумтөр Жети-Өгүз районунда (Липенка айылы) жалпы наркы 375 800 АКШ доллары болгон суу жана жерлерди реабилитациялоо боюнча биргелешкен долбоорду кошо финансылоого катышты жана 200 000 АКШ долларын бөлдү.

Суу боюнча башка долбоорлорго да көңүл бурулууда, бирок, Ысык-Көл областын өнүктүрүү фонду бүтүндөй региондон бардык тиешелүү чыгымдары бар көп долбоорлорду алып жаткандыгына байланыштуу, ири масштабдуу инфраструктуралык долбоорлор гана аткарыла алат.

Приоритеттик чөйрө аныкталгандан кийин жөнөкөй адамдардан баштап райондордун акимдерине чейин жамааттардын өкүлдөрү менен жолугушуулардан жана аңгемелешүүлөрдөн кийин Кумтөр суу маселеси район үчүн кичи бизнести өнүктүрүү жана айыл чарба секторунун өсүшү сыяктуу өнүктүрүүнүн башка тармактарын колдоо максатында ага көңүл буруу керек болгон приоритеттүү болуп саналаарын аныктады. Мына ушундан кийин Кумтөр Ысык-Көл областынын бир нече районунда кеңири масштабдуу суу долбоорлорун даярдоодо райондогу олуттуу проблемаларды (башкача айтканда, ичүүчү суу, ирригация үчүн суу, инфраструктуралык шарттардын бардыгын же жоктугун аныктоо ж.б.у.с.) так аныктоо үчүн маселени изилдей баштады.

Проблемалар жана өнөктөштөр аныкталгандан кийин бизге регионалдык комитетт приоритеттүү райондорду талкуулоо жана макулдашуу процедурасынан өтүү зарыл. Аракеттердин мындай планы маселенин масштабына жана татаалдыгына байланыштуу Ысык-Көл областын өнүктүрүү фонду жана Кумтөр тарабынан биргелешип финансылоосу менен киргизилмекчи.

Жамааттардын жана регионалдык комитеттердин системасынын ийгиликтүү өнүгүүсүнүн белгиси болуп бул маселе аныкталып калгандыгы саналат. Регион боюнча конкреттүү долбоорлордун алкактарында таза ичүүчү суу жана ирригациялык система менен камсыздоо үчүн чаралар көрүлдү, ошондой эле бул талаптар алынганга чейин программаны кеңейтүү боюнча техникалык-экономикалык негидемелер да алынган.

№ 4, № 5 жана № 11 талаптар: Балдар үйлөрү, балдар бакчалары жана мектептер


Ысык-Көл областын өнүктүрүү фонду – бул региондо балдар үйлөрүнүн, балдар бакчаларынын жана мектептердин курулушун жана ремонтун финансылоо үчүн идеалдуу механизм. Жогоруда белгиленгендей, Кумтөр атайын социалдык инфраструктуранын ушул түрлөрү үчүн кирешеден 1%ды Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна которот. Кумтөр Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондунун долбоорлоруна көзөмөл комитетинин жактыруусуна биринчи даражада кароосу жана көңүл буруусу үчүн өз айыл өкмөтү же аким менен тыгыз кызматташууну каалаган жергиликтүү жашоочуларды колдоого даяр.

Кумтөр көп учурда балдар үйлөрүн, балдар бакчаларын жана мектептерди демөөрчүлүк жардамдарын берүү жөнүндө өтүнүчтөрдүн негизинде финансылайт. Буга эмерек, китептерди, музыкалык аспаптарды сатып алуу да, ремонт жана башка колдоо да кирет (караңыз: демөөрчүлүк жардамдын кеңири тизмесин).

№ 6 талап: Жолдор


Кумтөр кен ишканасы өз ишинде алар аркылуу адамдарды жана зарыл товарларды ташууга байланыштуу жолдорго таянат. Биздин өндүрүштөн тышкары жолдор эалпысынан экономиканы колдоо үчүн да зарыл: жергиликтүү жамааттарды колдоп турган туристтер, товарлар жана кызматтар үчүн, ошондой эле зарыл болгон учурда шашылыш жардамдын жетиши үчүн да.

Мурдагы макулдашуулар боюнча Кумтөр жол салыгы катарында 21 миллион АКШ долларын төлөп берген. 2009-жылы жол салыгы компания тарабынан бирдиктүү салык ставкасы боюнча төлөнүп жана жана жалпы төлөнүүчү салыктын бир бөлүгү болуп кала тургандыгы жөнүндө макулдашуу кабыл алынган.

Кен ишканасына алып баруучу технологиялык жол Кумтөрдүн жалпы жоопкерчилиги болуп саналат жана иш жүзүндө компания тарабынан курулган. Азыркы учурда жергиликтүү 12 жашоочу жолду техникалык колдоп туруу жана ага суу чачуу үчүн контракттык негизде ишке алынган. 1994-жылдан бери буга 35 миллион АКШ доллары жумшалган.

№ 8 талап: Ишке алуу>
Кумтөр байланыштарды жана ишке кабыл алуу процессин жакшыртуу үчүн жамааттардын лидерлери менен активдүү иштешет, бирок акыркы 2 жылда, кызматкерлердин олуттуу санын штатка алуу зарылчылыгы болгондо, өзгөчө активдүү иштешти. Компания өздүк курамды толуктоонун мурдагы процедурасында аныкталган проблемаларды эске алды жана ал процедураны тиешелүү түрдө өзгөрттү. Мындай өзгөртүүлөрдүн бири жамааттардын өкүлдөрүн арыздарды тандоого тартуу жана талапкерлер менен аңгемелешүүгө катыштыруу. Өкүлдөр тандоо процессин текшерүү үчүн байкоочулар катарында катышышат. Кадрларды тандоонун таза жана ачык процедурасы боюнча оң үн кошуулар жана колдоо алынды.

2010-ж. баштап белгиленген жамааттардын саны 11ге чейин көбөйдү. Алгачкы жолу Тоң району киргизилди. Андан аркы территориялык бөлүштүрүү кызматкерлердин жамааттар боюнча өкүлчүлүгүн чагылдырып турат. Ишке алууда Кумтөр Жети-Өгүз районуна артыкчылык берет.

Кумтөрдүн 2 670 штаттык кызматкеринен 1 997си Ысык-Көлдөн жана анын 965и Жети-Өгүздөн (Ысык-Көл областынан жалпы сандын 48.3%ы).

№ 9 талап: Микрокредиттөө


Микрокредиттөө компаниянын туруктуу өнүктүрүү программасынын негизи болуп саналат жана азыркы учурда Жети-Өгүз, Тоң райондорунда жана Балыкчы шаарында 3 микрокредиттик уюм иштөөдө.

«Жети-Өгүз» микрокредиттик агенттиги Кумтөр компаниясы менен кызматташуунун узак тарыхына ээ. 2006-жылы түзүлгөндө Кумтөр тарабынан 68 миллион сом (1,56 миллион АКШ доллары) бөлүнгөн. Кредиттер Жети-Өгүз районунун жашоочуларына гана берилет. Кумтөр демөөрчү болгон микрокредиттик уюмдардын үстөк пайыздык ставкалары өлкөдө эң төмөн жана айыл чарбасын колдоо жана кичи бизнести өнүктүрүү максаттарында иштелип чыккан.

2012-ж. Кумтөр Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигине караштуу «Ала-Тоо Финанс» кредиттик уюмун уюштуруу үчүн 1 миллиард сом (21 миллион АКШ доллары) берген. Бул каражаттар калктын социалдык аялуу катмарларына төмөн үстөк пайыздык ставкалар боюнча күрөөсүз кредиттерди берүүгө гана багытталууга тийиш болгон.

Кумтөр демөөрчү болгон бардык кредиттик схемалар төмөн үстөк пайыздык ставкалар менен иштеп жатышкандыктан мындай долбоорлордун туруктуулугу маселесин изилдөө өтө маанилүү. Кредиттик уюм каражаттары жок калбашы жана кредиттерди андан ары да берүү мүмкүнчүлүгүн сакташы үчүн үстөк пайыз ставкаларынын минималдуу деңгээли бар. Пайыздардын ставкалары минимум катарында инфляция деңгээлинен жогору болушу жана негизги административдик чыгымдарды жабууга тийиш, ансыз микрокредиттик уюмда болочок кардарлар үчүн кийинки кредиттерди берүү үчүн каражаттар калбайт жана уюм бир жолку инвестициялардан көз каранды болуп калат.

№ 10 талап: Күйүүчү май


2010-ж. революциядан кийин өлкө дизелдик отунга жетишсиздикти баштан кечирди жана фермерлер өз тракторлоруна май куя албай калышты. Компания бул кырдаалда жергиликтүү фермерлерге жардам берүү чечимин токтоосуз кабыл алды жана өз запастарынан өндүрүштүк муктаждыктар үчүн дизелдик отун бөлдү. Эгерде компаниянын дизелдик отун бөлүү жөнүндө чечими болбосо, анда бүтүндөй сезон өтүп кетмек да, он миңдеген фермерлер негизги кирешесиз калышмак, бул социалдык катастрофага алып келмек.

Ошол кезден бери, дизелдик отундун кеңири жеткиликтүүлүгүнө карабастан, компания маанилүү жазгы талаа иштери мезгилинде фермерлерге дизель отунун үзгүлтүксүз бөлүп келет. Бул фермерлерге төмөн чыгым менен чоң кирешелерди алууга мүмкүндүк берет, себеби алардын чыгымдары азаят.

2010-ж. баштап Кумтөр Жети-Өгүз районунун фермерлерине жеңилдетилген шарттарда 1 миллион литрден ашуун дизель отунун берди.

№ 11 талап: Спорттук залдар


Башка объектилер менен катар эле бир катар спорттук объектилер Ысык-Көл областын өнүктүрүү фонду аркылуу курулган жана ремонттолгон. Бир нече жыл аралыгында ири масштабдуу долбоорлордон тышкары, Кумтөр ар кандай спорттук командаларды жана иш чараларды колдоп келет. Компания тарабынан 2012 – 2013-жж. көрсөтүлгөн демөөрчүлүк жардамдарынын тизмеси менен сиздер тиркелген документтен тааныша аласыздар.

№ 13 талап: Ветеринардык кызматтар


Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат үй малдарына тиешелүү саясат жана стратегия жана малдардын ооруп калуусун алдын-алуу ж.б. тиешелүү чаралар үчүн жоопкерчилик тартат. Жеке менчик компания болуу менен Кумтөр бул чөйрө үчүн да, жогоруда көрсөтүлгөн башка мамлекеттик чөйрөлөр үчүн да жоопкерчилик тарта албайт, анткени мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акы төлөй албайт. Өлкөнүн бюджетине төлөнгөн салыктардан Кыргызстандын өкмөтү ар кандай демилгелерге жана программаларга каражаттарды бөлүү чечимин кабыл алат.

Урматтоо менен,
Родни Ступарик,
«Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКынын
Өндүрүш боюнча вице-президенти