Кумтөрдүн тимбилдинги жана 5, 10, 15, 20 жана 25 жыл иштеген кызматкерлерди сыйлоо аземи Ысык-Көлдө өттү

Кумтөрдүн тимбилдинги жана 5, 10, 15, 20 жана 25 жыл иштеген кызматкерлерди сыйлоо аземи Ысык-Көлдө өттү

Жарыяланган: 14 September 2021

10-11-сентябрда “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын (КГК) 5, 10, 15, 20 жана 25 жыл иштеген кызматкерлерди сыйлоо аземи Ысык-Көлдө өттү.

Бул жыл сайын өтүүчү салттуу корпоративдик иш-чараны бул жылы Бишкектин тойканаларында эмес, кереметтүү Ысык-Көлдүн ачык аянттарында өткөрүү чечими кабыл алынган жана ошондой эле кызматкерлер үчүн тематикалык тимбилдинг уюштурулган.

Компаниянын юбилярларына жана өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге салтанаттуу шартта грамоталар, медалдар, эстелик белектер тапшырылды. Бул иш-чара, коллективди бириктирип жана бекемдөө менен жалпы маселелерди чечүүгө кызматкерлерди шыктандырууга мүмкүндүк берди. Компаниянын жетекчилиги бийик тоолуу шарттардагы оор эмгек кубаттоону жана эс алууну талап кылаарын түшүнөт жана кызматкерлер көңүл буруу менен камкордукту сезүүсү үчүн бардык аракеттерди аткарат.

“Компаниянын ийгилиги көптөгөн факторлордон көз каранды, ал эми эң маанилүүсү бул коллектив. Адамдар жакшы иштешти. Ал эми иштегенди да, эс алганды билиш керек. Мен 20 жылдан ашык чет өлкөдө иштедим. Батыш компанияларында тимбилдинг жашоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Биз Компаниянын илгертен келе жаткан юбилярларды сыйлоо жөрөлгөсү менен мыкты команда түзүү ишин бириктирип, жамаатыбыздын маанайын көтөрдүк жана жалпы максат үчүн аларды бириктирүү аракетин көрдүк. Мындай тимбилдингдер көп акча каражатын талап кылбайт, анткени, жөн гана чогулуп, чечим кабыл алууну талап кылат. Биз бул ишти жакшы жөрөлгөгө айлантып, ушундай  сыяктуу иш-чараларды жыл сайын өткөрөбүз”, – деди КГКнын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк.

Тимбилдинг кызматкерлерге жакшы эмоцияларды тартуулады, көңүлдөрүндө калды жана мыкты маанай жаратты. Ажайып кооз Кырчын жайлоосунда улуттук ат оюндары уюштурулуп, тематикалык команда түзүүчү оюндар өткөрүлдү. КГКнын кызматкерлери расмий эмес шартта бири-бири менен жана жетекчилик менен баарлашышты. Түштө КГКнын Тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк жана Компаниянын менеджерлери бардык каалоочуларды плов менен ооз тийгизишти. Жетекчилик кызматкерлерге канчалык жакын болсо, анда ишкананын коллективи ынтымактуу, ал эми иши натыйжалуу болот.

Эртең менен кечке чейин шаңдуу майрамдык атмосфера болду.

_____________________________________

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын сактап келет. КГКнын ишкердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.