Вакансия жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде 3 жана 4 курстардын студенттерин АЛТЫН ЫЛГОО ФАБРИКАСЫНЫН МЕТАЛЛУРГИЯЛЫК ЛАБОРАТОРИЯСЫНДА 2019-жылдын жай айларында практика ɵтүүгɵ чакырат.

 

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдын «Түстүү металлдардын металлургиясы», «Пайдалуу кендерди байытуу» багыттары боюнча 3 же 4 курсунун студенти болуу (5-жылдык окуунун 4 курсу каралат);
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, команда ичинде иштей билүү;
  • Компьютерде иштей билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет.

 

Милдеттер:

  • Стабилдүү үзгүлтүксүз ɵндүрүштүк процессти камсыз кылуу максатында бɵлүм башчынын тапшырмаларын аткаруу;
  • Долбоордук иштерге катышуу.

 

Жумуш шарттары:

  • Эл аралык компанияда тɵлɵнгɵн практика
  • Практиканын мɵɵнɵтү – 3 ай
  • Практика ɵтүү жайы – Кумтɵр кени
  • Практиканын графиги – 14/14

 

Конкурска катышуу үчүн:

  • Окуу жайдан маалымкат тиркеп, анкетаны толтуруу. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны 2019-жылдын 17-май саат 16:00 чейин HR_Kumtor@kumtor.com электрондук дарегине же Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов кɵчɵсү, 24 («Учкун» ААК, 10-кабат) дарегине тапшырыңыз.
  • Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Жайкы практика программасы» деп жазуу керек.

 

Маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.