25.09.2020: 11.63 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 900 182 538 USD

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 26 April 2019

Вакансия жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде 3, 4 курстардын студенттерин ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК бөлүмүнɵ 2019 жылдын жай мезгилинде практика ɵтүүгɵ чакырат.

 

 

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдын «Маркшейдерлик иш», «Ачык тоо-кен иштери», «Жер алдындагы кендерди иштетүү», «Тоо-кен ɵндүрүшүнүн физикалык процесстери» багыттары боюнча 3 же 4 курсунун студенти болуу (5-жылдык окуунун 4 курсу каралат);
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Microsoft Office жана AutoCAD программаларын колдоно билүү;
  • Тыкандык, команда ичинде иштей билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет.

 

Милдеттер:

  • Геодезиялык аспаптар менен шаймандарды колдонууну үйрɵнүү жана ɵздɵштүрүү;
  • Маркшейдерлик съемканы коопсуз аткаруу жана геодезиялык аспаптарды колдонуп белги коюу;
  • Жыйынтык ишеничтүү болушу үчүн шлам пробаларын алуу усулдарын үйрɵнүү;
  • Карьердин бортторуна байкоо чекиттерин орнотуу жана алуу, пъезометрлерди, термисторлорду жана инклинометрлерди орнотуу жана алуу боюнча жумуштарды инструкцияларга ылайык коопсуз аткаруу;
  • Калдык сактоо чарбасынын объектилерине коюлган талаптарды ɵздɵштүрүү;
  • Жардыруу ишинин жалпы түшүнүктɵрү менен таанышуу. Тоотектеринин физикалык-механикалык сапаттарынын жана бургулоо-жардыруу иштеринин параметрлеринин жардырууга тийгизген таасири.

 

Жумуш шарттары:

  • Эл аралык компанияда тɵлɵнгɵн практика
  • Практика мɵɵнɵтү – 3 ай
  • Практика ɵтүү жайы – Кумтɵр кени
  • Практиканын графиги – 14/14

 

Конкурска катышуу үчүн:

  • Окуу жайдан маалымкатты тиркеп, анкетаны толтуруу. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны 2019-жылдын 17-май саат 16:00 чейин HR_Kumtor@kumtor.com электрондук дарегине же Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов кɵчɵсү, 24 («Учкун» ААК, 10-кабат) дарегине тапшырыңыз.
  • Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Жайкы практика программасы» деп жазуу керек.

 

Маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикацияКЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ Следующая публикацияКЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ
25.09.2020: 11.63 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 900 182 538 USD
© 2011-2020 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.