Вакансия жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сынактык негизде 3 жана 4 курстардын студенттерин ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО бөлүмүнɵ 2019-жылдын жай мезгилинде практика ɵтүүгɵ чакырат.

 Талаптар:

  • Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдын 3 же 4 курсунун студенти болуу (5-жылдык окуунун 4 курсу каралат);
  • Геология, минералогия, стратиграфия жана тектониканын негиздерин билүү;
  • Микроскоп менен иштɵɵнүн негизги кɵндүмдɵрүн билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, команда ичинде иштей билүү;
  • Microsoft Office, AutoCAD жана MapInfo программалары менен иштегенди билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет.

 Милдеттер:

  • Геологиялык жумуштардын түрлɵрү жана ыкмалары менен таанышуу;
  • Геологиялык маршруттарга катышуу, байкоо пунктарын сүрɵттɵɵ жана пробаларды алуу;
  • Минералдашуу зоналарды жана ар кандай элементтерди түшүрүү менен деталдуу участоктордун геологиялык картасынын фрагменттерин түзүү;
  • Участкалык геологдун байкоосу астында, геологиялык скважиналардын керндерин документɵɵ;
  • Арыктардын, траншеялардын, бульдозердик казуулардын жана геохимиялык профилдердин – жер үстүндɵгү тоокен иштерининин кɵлɵмүн документɵɵ;
  • Жайкы практиканын жыйынтыгы боюнча отчет түзүү үчүн геологиялык материалдарды жана үлгүлɵрдү чогултуу.

 Жумуш шарттары:

  • Эл аралык компанияда тɵлɵнгɵн практика
  • Практиканын мɵɵнɵтү – 3 ай
  • Практика ɵтүү жайы – Кумтɵр кени
  • Практиканын графиги – 14/14

Конкурска катышуу үчүн:

  • Окуу жайдан маалымкат тиркеп, анкетаны толтуруу. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны 2019-жылдын 17-май саат 16:00 чейин HR_Kumtor@kumtor.com электрондук дарегине же Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов кɵчɵсү, 24 («Учкун» ААК, 10-кабат) дарегине тапшырыңыз.
  • Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Жайкы практика программасы» деп жазуу керек.

Маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.