25.09.2020: 11.63 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 900 182 538 USD

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 26 April 2019

Вакансия жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде 3 жана 4 курстардын студенттерин АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО бөлүмүнɵ 2019-жылдын жай мезгилинде практика ɵтүүгɵ чакырат.

 Талаптар:

  • Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдын 3 же 4 курсунун студенти болуу (5-жылдык окуунун 4 курсу каралат);
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Компьютерде иштей билүү;
  • Тыкандык, команда ичинде иштей билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет.

 Милдеттер:

  • Экологиялык долбоорлорго катышуу;
  • Суунун, топурактын, абанын, флора жана фаунанын абалына байкоо жүргүзүү;
  • Калдыктарды башкаруу программасына катышуу;
  • Ичүүчү сууну, чарба-тиричилик жана ɵндүрүштүк агынды сууларды тазалоо процесстерин ɵздɵштүрүү.

 Жумуш шарттары:

  • Эл аралык компанияда тɵлɵнгɵн практика
  • Практика мɵɵнɵтү – 3 ай
  • Практика ɵтүү жайы – Кумтɵр кени
  • Практиканын графиги – 14/14

Конкурска катышуу үчүн:

  • Окуу жайдан маалымкат тиркеп, анкетаны толтуруу. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны 2019-жылдын 17-май саат 16:00 чейин HR_Kumtor@kumtor.com электрондук дарегине же Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов кɵчɵсү, 24 («Учкун» ААК, 10-кабат) дарегине тапшырыңыз.
  • Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Жайкы практика программасы» деп жазуу керек.

 

Маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикацияГеологиялык чалгындоо жөнүндө жаңылык сюжети Следующая публикацияКЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ
25.09.2020: 11.63 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 900 182 538 USD
© 2011-2020 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.