БОШ ОРУН ЖАБЫЛГАН

«Кумтөр Голд Компани» маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүгө компанияларды жана жеке ишкерлерди кызматташтыкка чакырат.

«КГК» төмөнкү багыттар боюнча сервис-өнөктөш болгон же сертификацияланган адистери бар компаниялардан жана жеке ишкерлерден лоттор негизинде даярдалган сунуштарын карап чыгууга даяр:

 

·         Лот №1 CISCO IP телефониясын колдоо көрсөтүү – жөнгө салынуучу (башкарылуучу) кызматтар

«Кумтөр Голд Компани» компаниясынын бардык локацияларында Cisco телефон системасы пайдаланылат. Бул системаны колдоо жана тейлөө үчүн тажрыйбалуу кызмат көрсөтүүчүлөр талап кылынат.

Бул система эки негизги жана бир нече көмөкчү локацияларда колдонуучулар үчүн телефониянын 600дөн ашык ички номерлерине ээ. Ички номерлер WEBEX, 3G, VOIP менен иштегенге жөндөмдүү жана интеграцияланган группалык транкинг менен резервдөө системасын камтыган аппараттык жана программалык түзүмдөрдүн айкалышын түшүндүрөт.

Негизинен участокторго чектелген байланыш мүмкүндүгү бар оолак техникалык колдоо талап кылынат. Сервистик тейлөө системаны, прошивкаларды, кодектерди жана коопсуздук деӊгээлдерди өз убагында жаӊыртууну талап кылат. Ушундай сыяктуу чечимдер ишке ашырылган ишканалардан мүнөздөмө (рекомендация) каттар талап кылынат. Мындан тышкары, бар болгон сертификаттар жана партнердук мамилелер тууралуу маалымат тапшырылышы зарыл.

Ишкананын потенциалдык мүмкүнчүлүктөрү жана мүнөздөмө каттар берилген соӊ, биз тараптан объект менен жабдуулардын толук тизмеси берилиши мүмкүн.

Кен-жайда иштегенге/барганга туура келген адистер медициналык кароодон жана коопсуздук текшерүүлөрдөн өтүүсү талап кылынат.

Коммерциялык сунуштоо төмөнкүлөрдү камтышы керек:

  • Тейлөө кызматы үчүн бир айга белгинген төлөм;
  • Оолак колдоо көрсөтүү, Бишкек шаары ичинде, региондорго, кен-жайга жана жолдо жүрүү убактысын камтыган бир суткалык акы чени;
  • Толук эмес иш убакыттары топтолуп эсептелинет.

 

·         Лот №2 Түйүндөрдү тейлөө (LAN / WAN / Satellite) – талап болгондо

«КГК» структуралашкан кабелдик түйүндөрдү, ошондой эле оптика-була (оптоволоконо), микро-була (микроволокон.), спутниктик жана зымсыз чечимдерди колдонуу аркылуу LAN/WAN айкалышкан технологиясын пайдаланат.

 

Коммерциялык сунуштоодо бул кызматтар “талап болгон” шарттын негизинде берилүүсү көрсөтүлүшү керек.

Ушундай сыяктуу чечимдер ишке ашырылган ишканалардан мүнөздөмө (рекомендация) каттар талап кылынат. Мындан тышкары, бар болгон сертификаттар жана партнердук мамилелер тууралуу маалымат тапшырылышы зарыл.

 

Кен-жайда иштегенге/барганга туура келген адистер медициналык кароодон жана коопсуздук текшерүүлөрдөн өтүүсү талап кылынат.

 

Коммерциялык сунуштоо төмөнкүлөрдү камтышы керек:

  • Оолак колдоо көрсөтүү, Бишкек шаары ичинде, региондорго, кен-жайга баруу жана жолдо жүрүү убактысын камтыган бир суткалык акы чени;
  • Кызматкердин ишбилгилиги/тажрыйбасына ылайык тарифтердин тизмеси;
  • Мындай кызматтарды көрсөтүү үчүн болжолдуу SLA келишими (тейлөө деӊгээли тууралуу келишим).

 

·         Лот №3 Карьердеги зымсыз түйүндү колдоо (Outdoor Wi-Fi/LTE) – жөнгө салынуучу/башкарылуучу кызмат

Карьердик техниканын көп санын башкаруу жана диспетчерлештирүү үчүн, «КГК» ири масштабдуу Wi-Fi Mesh зымсыз түйүнүн колдонот.

Система маалымат алмашуунун ишенимдүүлүгүн эң аз дегенде 99%га камсыздап бериш керек.

Бул системаны колдоо/тейлөө үчүн жетиштүү деӊгээлде тажрыйбага ээ кызмат көрсөтүүчү керек.

Ишкананын потенциалдык мүмкүнчүлүктөрү жана мүнөздөмө каттар берилген соӊ, биз тараптан объект менен жабдуулардын толук тизмеси берилиши мүмкүн.

Кызмат көрсөтүүчүлөр оолак техникалык колдоо көрсөтүү жана ири масштабдык зымсыз түйүндөрдү (Wi-Fi) оптимизациялоо жаатында өздөрүнүн компетентүүлүгүн тастыктоосу зарыл.

Ушундай сыяктуу чечимдер ишке ашырылган ишканалардан мүнөздөмө (рекомендация) каттар талап кылынат.

Коммерциялык сунуштоо төмөнкүлөрдү камтышы керек:

  • Тейлөө кызматы үчүн бир айга белгинген төлөм;
  • Оолак колдоо көрсөтүү, Бишкек шаары ичинде, региондорго, кен-жайга жана жолдо жүрүү убактысын камтыган бир суткалык акы чени;
  • Толук эмес иш убакыттары топтолуп эсептелинет.

 

·         Лот №4 VHF радио сервисин колдоо – талап болгондо

«КГК» кеңири аянтты камтыган бир нече VHF радио ретрансляторун пайдаланат. Алар кен-жайда, Бишкекте, Балыкчыда жана кен-жайга бараткан жолдо (Бишкек – Балыкчи – Ысык-Көлдүн түштүк жээги менен Барскоонго жакын алмашуу пункту – Кумтөр кен-жайдын технологиялык жол каттамында) колдонулат.

 

Алдын ала көзөмөлдөө жана керек болгон учурларда алмаштыруу/тейлөө аркылуу бул жабдууларды иштей турган абалда кармоо үчүн техникалык колдоо талап кылынат.

 

Ишкананын потенциалдык мүмкүнчүлүктөрү жана мүнөздөмө каттар берилген соӊ, биз тараптан объект менен жабдуулардын толук тизмеси берилиши мүмкүн.

 

Бул жабдуулардын тейлөөсү жогорку деӊгээлдеги коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү талап кылат.

Коммерциялык сунуштоо төмөнкүлөрдү камтышы керек:

  • Тейлөө кызматы үчүн бир айга белгинген төлөм;
  • Оолак колдоо көрсөтүү, Бишкек шаары ичинде, региондорго, кен-жайга жана жолдо жүрүү убактысын камтыган бир суткалык акы чени;
  • Толук эмес иш убакыттары топтолуп эсептелинет.

 

·         Лот №5 CCTV сервистерин колдоо – талап болгондо

«КГК» бардык локацияларында ири масштабдуу видео байкоо тармагын иштетет.

Алдын ала көзөмөлдөө жана керек болгон учурларда алмаштыруу/тейлөө кызматтарын камтыган, IP камераларын орнотуу жана техникалык тейлөө кызматтары талап кылынат.

Бул жабдуулардын тейлөөсү жогорку деӊгээлдеги коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү талап кылат.

Ушундай сыяктуу чечимдер ишке ашырылган ишканалардан мүнөздөмө (рекомендация) каттар талап кылынат.

Коммерциялык сунуштоо төмөнкүлөрдү камтышы керек:

  • Бишкек шаары ичинде, региондорго, кен-жайга жана жолдо жүрүү убактысын камтыган бир суткалык акы чени;
  • Кызматкердин ишбилгилиги/тажрыйбасына ылайык тарифтердин тизмеси;
  • Мындай кызматтарды көрсөтүү үчүн болжолдуу SLA келишими (тейлөө деӊгээли тууралуу келишим).

 

·         Лот №6 Жалпы IT кызматтары – талап болгондо

Кумтөр ишканасы Microsoft Виртуализация, Сервер, Булут (Cloud) жана алар менен байланышкан технологияларга багытталган жалпы кызматтар жана IT-инфраструктуралык долбоорлор боюнча  сунуштарды карайт.

Коммерциялык сунуштоодо бул кызматтар “талап болгон” шарттын негизинде берилүүсү көрсөтүлүшү керек.

Ушундай сыяктуу чечимдер ишке ашырылган ишканалардан мүнөздөмө (рекомендация) каттар талап кылынат. Мындан тышкары, бар болгон сертификаттар жана партнердук мамилелер тууралуу маалымат тапшырылышы зарыл.

Кен-жайда иштегенге/барганга туура келген адистер медициналык кароодон жана коопсуздук текшерүүлөрдөн өтүүсү талап кылынат.

Коммерциялык сунуштоо төмөнкүлөрдү камтышы керек:

  • “Талапка болгондо” шарттын негизиндеги ресурстардын баалары;
  • Кызматтарды оолак көрсөтүү, жана Бишкек ичинде же кен-жайга баруу мүмкүндүгү менен;
  • Кызматкердин ишбилгилиги/тажрыйбасына ылайык тарифтердин тизмеси;
  • Мындай кызматтарды көрсөтүү үчүн болжолдуу SLA келишими (тейлөө деӊгээли тууралуу келишим).

 

·         Лот №7 Программалык камсыздоону өнүктүрүү – талап болгондо/белгилүү көлөм

Кумтөр ишканасы Office 365, Azure, Amazon ж.б.у.с. булуттук технологиялар боюнча программалык камсыздоону өнүктүрүү коммерциялык сунуштоолорду карап чыгат.

Маалыматтарды талдоо, отчетторду түзүү, булуттук сервистерди интеграциялоо, бизнес аналитика кызматтар жогорку артыкчылыкка ээ.

Коммерциялык сунуштоодо бул кызматтар “талап болгон” шарттын негизинде берилүүсү көрсөтүлүшү керек.

Ушундай сыяктуу чечимдер ишке ашырылган ишканалардан мүнөздөмө (рекомендация) каттар талап кылынат.

Аталган кызмат сыяктуу кызматтар жөнүндө мүнөздөмөлөрдүн (рекомендациялар) болушу жана сунулушу талап кылынат.

Кумтөр кен-жайында иштегенге туура келген адистер медициналык кароодон жана коопсуздук текшерүүлөрдөн өтүүсү талап кылынат.

Интеллектуалдык менчик объектилеринин болгон менчик укуктар Кумтөр/Центерра ишканасына таандык. Жашыруун маалыматты ачыкка чыгарбоо келишими милдеттүү түрдө түзүлөт.

 

Коммерциялык сунуштоо төмөнкүлөрдү камтышы керек:

  • “Талапка болгондо” шарттын негизиндеги ресурстардын баалары;
  • Кызматтарды оолак көрсөтүү, жана Бишкек ичинде же кен-жайга баруу мүмкүндүгү менен;
  • Кызматкердин ишбилгилиги/тажрыйбасына ылайык тарифтердин тизмеси;
  • Мындай кызматтарды көрсөтүү үчүн болжолдуу SLA келишими (тейлөө деӊгээли тууралуу келишим).

 

·         Лот №8 СКС (структуралашкан кабелдик система)талап болгондо

«КГК» жез жана оптика-була кабелдик түйүндөрдүн монтаждоо жана  оңдоо кызматын камтыган сунуштоолорду карап чыгат. Жез кабелдеринин монтажы CAT5E & CAT6A стандарттарына ылайык жүргүзүлү керек. Оптика-була кабели 40 км  чейинки аралыкта 10 Гб өткөрмө жөндөмдүүлүгү менен жекемод (Single Mode) түрүндө болушу керек.

Туташтыргыч кабелдер, кабелдик ажыратуу жана панелдер бекитилип калыптанган болушу керек. Туташтыргыч кабелдеринин өткөрмө жөндөмдүүлүгү жана физикалык абалы боюнча текшерүүдөн жана сыноодон өтүшү керек.

Телекоммуникациялык жана сервердик текчелерде жайгашкан күч жана маалымат кабелдеринин топтомдоруна техникалык колдоо талап кылынууда.

Ушундай сыяктуу чечимдер ишке ашырылган ишканалардан мүнөздөмө (рекомендация) каттар талап кылынат. Мурдагы орнотуу долбоорлордун сүрөттөрү дагы көрсөтүлүшү керек.

Кабельдердин толук өткөрмө жөндөмдүүлүгү жана жоготуулар пайызын текшерүү жыйынтыктарынын негизинде жана алардын сапаты визуалдык баалоодон өткөндөн кийин гана аткарылган жумуш кабыл алынат.

Кызмат көрсөтүүчүлөр бардык колдонулган тестирлөө жабдыктарын жана аспаптарын көрсөтүп, аларды туура колдонобилүү жөндөмдөрүн көрсөтүшү керек.

Коммерциялык сунуштоо төмөнкүлөрдү камтышы керек:

  • “Талапка болгондо” шарттын негизиндеги ресурстардын баалары;
  • Кызматтарды оолак көрсөтүү, жана Бишкек ичинде же кен-жайга баруу мүмкүндүгү менен;
  • Керек болгондо – баардык материалдарды, кабелдик ажыратуу, шкаф, панелдер жана башкалар менен чогуу жеткирип берүү;
  • Оптика-була кабельдеринин орнотмолорун тазалоо жана текшерүү;
  • Мындай кызматтарды көрсөтүү үчүн болжолдуу SLA келишими (тейлөө деӊгээли тууралуу келишим).

 

·         Лот №9 Басып чыгаруу – талап болгондо же жөнгө салынуучу/башкарылуучу кызмат

Кумтөр ишканасы HP жана Xerox фирмаларына таандык басма жабдууларын колдонуп келет.

Техникалык жактан колдоо “талапка ылайык же активдүү тейлөө/жөнгө салынуучу кызмат” шарттарында талап кылынат.

Ушундай сыяктуу чечимдер ишке ашырылган ишканалардан мүнөздөмө (рекомендация) каттар талап кылынат. Мурдагы долбоорлордун сүрөттөрү дагы көрсөтүлүшү керек.

 

Кен-жайда иштегенге/барганга  туура келген адистер медициналык кароодон жана коопсуздук текшерүүлөрдөн өтүүсү талап кылынат.

Коммерциялык сунуштоо төмөнкүлөрдү камтышы керек:

  • “Талап болгондо” шарттын негизиндеги ресурстардын баалары;
  • Кызматтарды оолак көрсөтүү, жана Бишкек ичинде же кен-жайга баруу мүмкүндүгү менен;
  • Тейлөө кызматы үчүн бир айга белгинген төлөм;
  • Жабдыктардын/аспаптардын стандарттык тизмеси баалары менен;
  • Жогорудагы жабдыктар үчүн сарпбөлүктөрдү жана тетиктерди жеткирүү

 

·         Лот №10 UPS / Ceрвердик жабдуу – жөнгө салынуучу кызмат

Кумтөр ишканасы айлан -чөйрөнү коргоо талабтарына ылайык көптөгөн UPS түзүлүштөрүн, муздатуу жана жылытуу системаларынын жабдууларын пайдаланат.

Алдын ала мониторинг жана зарыл болгондо алмаштыруу/тейлөө иштери аркылуу бул жабдыктарды иштей турган абалда кармап туруу үчүн техникалык колдоо көрсөтүү талап кылынат.

Ушундай сыяктуу чечимдер ишке ашырылган ишканалардан мүнөздөмө (рекомендация) каттар талап кылынат. Мурдагы орнотуу долбоорлордун сүрөттөрү дагы көрсөтүлүшү керек.

Кен-жайда иштегенге/барганга  туура келген адистер медициналык кароодон жана коопсуздук текшерүүлөрдөн өтүүсү талап кылынат.

Коммерциялык сунуштоо төмөнкүлөрдү камтышы керек:

  • “Талап болгондо” шарттын негизиндеги ресурстардын баалары;
  • Кызматтарды оолак көрсөтүү, жана Бишкек ичинде же кен-жайга баруу мүмкүндүгү менен;
  • Тейлөө кызматы үчүн бир айга белгинген төлөм;
  • Жабдыктардын/аспаптардын стандарттык тизмеси баалары менен;
  • Жогорудагы жабдыктар үчүн сарпбөлүктөрдү жана тетиктерди жеткирүү.

 

Төмөнкү маалыматтар кароо үчүн кабыл алынат:

  • коммерциялык сунуштоонун баа тизмеси (прайс-лист);
  • мурдагы ушундай сыяктуу ишке ашырылган долбоорлор боюнча ишканаларданн мүнөздөмө каттар;
  • CISCO же башка ишканалардан алынган сертификаттар жана өнөктөштүк тууралуу маалымат.

Коммерциялык сунуштоолор ар бир лот үчүн өзүнчө берилиши керек. Талапкерлер бир же бир нече лотко сунуштоо жиберүүгө укуктуу.

 

Кен-жайда иштегенге/барганга  туура келген адистер медициналык кароодон жана коопсуздук текшерүүлөрдөн өтүүсү талап кылынат.

 

Кошумча техникалык маалыматка муктаж болгон талапкерлер алгач өздөрүнүн алдын-ала сунуштоолорун жибериши керек. Мындай алгачкы сунуштоодо мүнөздөмөлөр, сертификаттар, өнөктөштүк тууралуу маалымат жана талап кылынган техникалык маалымат амтылышы зарыл. Кошумча техникалык маалымат жашыруун (конфиденциалдуу) болгондугу үчүн  КГКнын чечими менен ишенимдүү талапкерлерге гана берилет.

 

Суроо-талаптарыӊызды kumtor_localbuyer@kumtor.com электрондук дарегине 2018-ж. 16 апрель, саат 16:00 чейин жиберсеӊиз болот.

 

Коммерциялык сунуштарды, чапталган жабык конверттин ичинде жана «IT кызматтары боюнча сунуштоо, Лот №… » деген жазуусу менен 2018-ж. 14 май, саат 17:00 чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү 24, «Учкун» имараты, 10-кабат.

 

КГК ишканасы тапшырылган баа сунуштарды толугу менен же кандайдыр бир бөлүгүн гана кабыл алуу жана КГКнын пикири боюнча эң мыкты болуп табылган талапкерлерди тандоо укугун сактайт.

Талапкерлер тарабынан жасалган чыгымдарды кайра кайтарып берүү доолорун/талаптарын КГК ишканасы тарабынан кабыл алынбайт.