2011-жылы «Ысык-Көл облусунун өнүгүү фондунун» каражатына 304 социалдык объект ишке киргизилген

2011-жылы «Ысык-Көл облусунун өнүгүү фондунун» каражатына 304 социалдык объект ишке киргизилген

Жарыяланган: 18 January 2012

Аталган фонд «Кумтөр Оперейтинг Компанисинин» акча каражатынан каржыланат. Өткөн жылы алтын өндүрүү ишканасы өнүгүү фондусуна 463 миллион 43 миң сом которгон. 2011-жылдын июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 416 токтому менен Ысык-Көл облусунун өнүгүү фондусу жөнүндө жаңы жөбө кабыл алынган жана жаңы байкоочу кеңеш шайланган.

[flashvideo filename=wp-content/uploads/video/janv2012/ktrk_KG.flv /]

Азыркы негизги багыты социалдык-экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Жаңы шайланган байкоочу кеңештин курамындагылар (алар райондук кеңештин депутаттары менен өкмөттүк эмес уюмдардын мүчөлөрү) 2011-жылдын аягында отчет берген облусттук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисине бир топ ыңгайсыз суроолорду берип, жооп алышты. Мурдагы жылдарда аткарылган жумуштардын ичинен бөлүнгөн каражаттын туура эмес пайдаланган фактылары келтирилип, алар боюнча үчүрда укук коргоо кызматкерлери иш жүргүзүп жаткандыктан, ал боюнча кийинки отурумда отчет угулуп, калкка массалык маалымат каражаттары аркылуу ачык жарыялоого бир добуштан токтолушту.

Андан тышкары байкоочу кеңештин мүчөлөрү жана көз карандысыз эксперттердин айтымы боюнча мурдагы жылдарга салыштырмалуу «Кумтөр» компаниясынын каражат бөлүү саясаты бир топ өзгөртүүдө. Кумтөр фондго төлөнгөн акчаларынан сырткары конкреттүү долболорлорду ачууга жардам беруудо. Мисалы жакында Балыкчы шаарында кридиттик портфели 15 млн. сомду түзгөн микрокредиттик уюм ачууга даяр болууда.

Негизи келечектеги максат, фондкко Кумтөрдөн бөлүнгөн каражаттын эсебинен социалдык жайлардан сырткары облус аймагында өндүрүш ишканаларын ачуу дешет байкоочу кенештин мүчөлөрү.