Башкы прокуратура тарабынан дивиденддерди төлөө фактысы боюнча кылмыш ишинин козголушу жөнүндө билдирүүгө жооп

Башкы прокуратура тарабынан дивиденддерди төлөө фактысы боюнча кылмыш ишинин козголушу жөнүндө билдирүүгө жооп

Жарыяланган: 30 May 2014

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКы (КГК) массалык маалымат каражаттарында Башкы прокуратура тарабынан дивиденддерди төлөө фактысы боюнча кылмыш ишинин козголушу жана «Кыргызалтын» ААКсынын төрагасы Дилгер Жапаровдун кармалышы жөнүндө билдирүүлөргө жооп катарында төмөнкүлөрдү билдирет:
Мурда, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелиндеги компаниянын расмий комментарийинде билдирилгендей, ал «Центерра Голд Инк.» болуп саналган жалгыз акционерге дивиденддерди төлөп берүү бизнес жүргүзүүнүн кадимки практикасынын алкактарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бардык колдонулуучу талаптарына ылайык жүргүзүлгөн. Дивиденддерди ушундай эле төлөп берүү мурда да корпоративдүү ишмердүүлүктүн жалпы кабыл алынган принциптерин сактоо менен жүргүзүлгөн. Мыйзамдарга ылайык, акционердик коомдор – акционерлер ортосунда бөлүштүрүлүүчү пайданы алуу үчүн түзүлүүчү коммерциялык уюмдар.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын юридикалык консультанттары дивиденддерди төлөп берүү “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жоболорун бузбайт деп эсептешет.

«Центерра» жөнүндөн кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com сайтында жана компаниянын www.centerragold.com сайтында жеткиликтүү. “Кумтөр” компаниясы жөнүндө маалымат www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү.