Дивиденддерди төлөө фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш ишинин козголушу жөнүндө билдирүүгө жооп

Дивиденддерди төлөө фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш ишинин козголушу жөнүндө билдирүүгө жооп

Жарыяланган: 01 April 2014

«Кумтөр Голд Компани» (КГК) ЖАКы дивиденддерди төлөө фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш ишинин козголушу жөнүндө массалык маалымат каражаттарындагы билдирүүгө жооп катарында төмөнкүнү билдирет:

Бүгүнкү күнгө карата компания тарабынан КРнын Башкы прокуратурасынан кандайдыр-бир расмий документ алынган эмес жана, демек, компания КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан жасалган билдирүүгө комментарий бере албайт.

Ошентсе да, «Кумтөр Голд Компани» ал жалгыз акционер болуп саналган «Центерра Голд Инк.» компаниясына дивиденддерди төлөө бизнес жүргүзүүнүн адаттагы практикасынын алкактарында жана мыйзамдардын бардык колдонулуучу талаптарына ылайык жүргүзүлгөнүн тактайт. Дивиденддерди ушундай эле төлөп берүү мурда да корпоративдик ишмердүүлүктүн жалпы кабыл алынган принциптерин сактоо менен жүзөгө ашырылган.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын юридикалык консультанттары дивиденддерди төлөп берүү “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жоболорун бузбайт деп эсептешет.