БОШ ОРУН ЖАБЫЛДЫ
МИЛДЕТТЕР:
• Жергиликтүү сатып алуу бѳлүмүнүн жалпы башкаруусун алып баруу жана сатып алуу жараянынын бардык аспектилерин кѳзѳмѳлдѳѳ, сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүү;
• Жабдуучуларды издѳѳдѳ стратегиялык демилгелерди белгилѳѳ, ѳнүктүрүү жана ишке ашыруу аркылуу чыгашаларды азайтуу боюнча милдеттенмелерди орундатуу;
• Сатып алуу саясаттарын иштеп чыгуу, колдонууга киргизүү жана аткарылышын камсыздоо;
• Абалкы ийгиликтүү кызматташтыкка негизделген, жабдуучулар менен болгон карым катнаш жараянын иштеп чыгуу жана башкаруу;
• Эң ылайыктуу жабдуучуну тандоо/тендер жарыялоо жана келишим бааларын бекитүү жоопкерчилигин ѳзүнѳ алуу;
• Түзүлгѳн келишимдерди коштоп келүү учурунда пайда болгон ар кандай маселелерди чечүүдѳ жабдуучулар менен карым катнашта болуу жана жиберилген буюртмалардын кѳзѳмѳлүн жүргүзүү жоопкерчилигин ѳзүнѳ алуу;
• Буюртмалардын ишке ашырылышын камсыздоо үчүн жиберилген эсеп менен макулдашылган шарттардын ортосундагы келишпестиктерди жоюу жоопкерчилигин ѳзүнѳ алуу;
• Башка кесиптештерге нускоо айтуу, кеңеш берүү, тажрыйбасы жана билими менен бѳлүшүү;
• Ишкананын сатып алуу тармагында кабыл алынган нускамалардын, куралдардын, эрежелердин жана саясаттардын сакталышын камсыз кылуу;
• Керектүү отчетторду түзүү, бюджетти пландоо жана чыгашаларды кѳзѳмѳлдѳѳ;
• Сатып алуу бѳлүмү менен байланышкан бардык административдик талаптарды аткаруу.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
• Жабдуу (сатып алуу) тармагында жогорку билимге ээ болуу же болбосо аталган тармакта тиешелүү курстардан/тренингтерден ѳткѳндүгү жѳнүндѳ тастыктамага ээ болуу;
• Товар/кызматтарды берүү, логистика же сатып алуу келишимдерин түзүү иш чараларын камтыган жабдуу тармагында 5 жылдан кем эмес тажрыйбага ээ болуу;
• Англис, орус жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлой билүү, артыкчылык болуп саналат;
• Жабдуу тармагында колдонулган отчет түзүү ыкмаларын жана жол жоболорун билүү;
• Ишмердүүлүк кѳзѳмѳлүн жүргүзүү, чыр-чатактарды жана арыздарды жѳнгѳ салуу жана контроль системалары тармактарында билимге ээ болуу;
• Мыкты башкаруу ыкмалары менен жетекчилик сапатына ээ болуу, жана ошондой эле кесиптештеринин ишмердүүлүгүн башкара билүү;
• MS Office программаларын колдоно билүү.
Анкета жана резюмени 2014-ж. 31-октябрда саат 16:00-чейин HR_Kumtor@kumtor.com электрондук почта аркылуу же 720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 ( «Учкун» АКнун имараты, 10-кабат) дарегинде тапшырсаңыз болот
Анкетаны бул жерден же жогоруда берилген даректе алсаңыз болот.
Анкетада билдирменин төмөнкү номерин көрсөтүү зарыл: BI-14-46
Маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат