13.05.2021: 7.38 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 571 225 033 USD

«Центерра Голд Инк.» компаниясынын Президенти Стивен Ланг иш сапары менен Кыргызстанда болду

Жарыяланган: 28 January 2011

«Центерра Голд Инк.» компаниясынын Президенти Стивен Ланг иш сапары менен Кыргызстанда болду

2011-жылдын 26 – 27-январында «Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти жана Башкы кызмат адамы Стивен Ланг мырза иш сапары менен Кыргыз Республикасында болду.

Өз иш сапарынын алкактарында «Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.К.Келдибеков, Премьер-министр А.Ш.Атамбаев жана Биринчи премьер-министр Ө.Т.Бабанов, ошондой эле Эл аралык валюта фондусунун жана Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен жолугушту.

Болуп өткөн жолугушуулардын жүрүшүндө Стивен Ланг өлкөнүн жетекчилигине «Центерра Голд Инк.» компаниясынын 2010-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди, ал «Кумтөр» кенинде алтын өндүрүүнүн жана Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөрдүн өскөнүн белгиледи. Андан тышкары, ал компаниянын жакынкы мезгилге пландары жөнүндө айтып берди, компаниянын үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасындагы эң ири алтын кенинде өндүрүштү өнүктүрүүгө 200 млн. доллардан1 ашуун каражат жумшоого ниетин билдирди, ошол эле мезгилде «Кумтөрдө» өндүрүштүн жогорку ыргактарын сактап калуу пландаштырылууда. Компаниянын прогноздору боюнча Кыргызстандын бюджетине милдеттүү төлөмдөр 2011-жылы 100 млн. доллардан ашууга тийиш.

Өз кезегинде өлкөнүн Президенти Р,И,Отунбаева Кыргыз Республикасы «Центерра Голд Инк.» компаниясынын Кыргызстанда жүзөгө ашырылып жаткан башка экономикалык долбоорлорго катышуу боюнча сунушун кароого даяр экендигин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.К.Келдибеков мырза «Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти менен жолугушууда 2009-жылы ратификацияланган макулдашуу кыргыз тарап үчүн эң натыйжалуу жана пайдалуу болуп саналарын белгиледи. «Биздин өлкө «Центерра» компаниясы менен кол коюлган макулдашууну сактайт»,-деп билдирди Кыргызстандын парламентинин спикери.

Ланг мырзанын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Алмазбек Атамбаев жана Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен коструктивдүү жолугушуусу да болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара пайдалуу кызматташууну улантуу жана кеңейтүү зарылдыгына макул болушту.

Өз кезегинде «Центерра Голд» компаниясынын президенти Стивен Ланг арасында эң ириси Кыргыз Республикасы болгон бардык акционерлердин кызыкчылыктарында компания максималдуу ачык жана натыйжалуу иштей тургандыгын белгиледи.

Следующая публикация2010-жылдын жана IV кварталдын жыйынтыктары
13.05.2021: 7.38 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 571 225 033 USD
© 2011-2021 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.