«Центерра Голд Инк.» Компаниясынын президенти Ысык-Көл областында болду жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» бул региондо ишке ашырып жаткан долбоорлор менен таанышты

«Центерра Голд Инк.» Компаниясынын президенти Ысык-Көл областында болду жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» бул региондо ишке ашырып жаткан долбоорлор менен таанышты

Жарыяланган: 07 October 2011

2011-жылдын 4-октябрында «Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти Стивен Ланг жана компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Ысык-Көл областында иш сапары менен болушту жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» бул региондо ишке ашырып жаткан бир катар социалдык жана бизнес долбоорлор менен таанышышты.

Тоң районунун Бар-Булак айылында «Центерра» компаниясынын директорлору Мамбетов атындагы орто мектепти көрүп чыгышты, ал өткөн жылы «Кумтөр Оперейтинг Компани» өзүнүн дүң кирешесинен бир пайызды которуп турган Областты өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен курулган.

Бөкөнбаев айылында делегация Тоң районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды өз курбалдаштары менен баарлашууга көндүрүүгө, аларды мектепке барууга даярдоочу, атайын сабактарды өтүүчү балдардын жалгыз реабилитациялык борборунун иши менен таанышты. КОК бул борборго балдардын оюн аянтчасын курууга жардам берген.

Жети-Өгүз районунун Тамга айылында жайгашкан “Жети-Өгүз” микрокредиттик агенттигинин ишине чоң көңүл бөлүндү. Атап айтканда, директорлор кеңешинин Кыргыз Республикасынан мүчөлөрү калкка микрокредиттерди берүү процедураларына, берилген кредиттердин санына жана багыттарына, МКАнын байкоочу кеңешинин ишине кызыгышты.

«Центерра» компаниясынын делегациясы ошондой эле Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылындагы КОКтун колдоосу менен түзүлгөн “Желдең-Ата” мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышты. Азыркы учурда заводдун жамааты алмаларды кайра иштетүүгө даярданууда, аларды ишкана жергиликтүү калктан сатып алууда.

«Биз үчүн «Кумтөр» компаниясы тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлордун туруктуу болушу жана жергиликтүү калкка пайда алып келиши өтө маанилүү. Бүгүн биз алардын айрымдарын көрүү мүмкүнчүлүгүн алдык. Жалпысынан мен алардын ишине канааттандым. Менде биз туура багытта бара жатканыбызга ишеним өсүүдө. Региондогу биздин аракеттерибиз натыйжалуу жана ачык болушу үчүн бардык аракеттерди жумшайбыз», – деп белгиледи «Центерранын» президенти Стивен Ланг Ысык-Көл областына иш сапары учурунда.