«Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти Стивен Ланг №2 орто мектептин жаңы имаратынын курулушунда болду

«Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти Стивен Ланг №2 орто мектептин жаңы имаратынын курулушунда болду

Жарыяланган: 03 October 2011

2011-жылдын 1-октябрында «Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти жана Башкы кызмат адамы Стивен Ланг, Чүй областынын Аламүдүн айылындагы №2 орто мектептин жаңы имаратынын курулушунда болушту.

Стивен Ланг менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Канат Садыков жана «Кыргызалтын» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Осмонбек Артыкбаев барышты.

2011-жылдын сентябрында «Центерра Голд Инк.» компаниясы Кыргызстанда мектептерди курууга жана реконструкциялоого 10 миллион АКШ долларын бөлдү. «Бизге кыргыз тарап мектептердин курулушуна жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Биз бул керектүү иш деп чечтик. Биз үчүн билим берүү чөйрөсүндө жардам көрсөтүү өтө маанилүү. Балдар жакшы, сапаттуу мектептерде билим алышы зарыл. Себеби билим берүү – бул өлкөнүн келечеги», – деп айтты «Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти Стивен Ланг курулуп жаткан объектте болгон учурда.

Аламүдүн айылындагы мектептин 1945-жылы курулган имаратын республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги авариялык абалда деп тапкан. 2006-жылы имарат бузулган, бирок мектеп азыркы учурга чейин иштеп келген. Балдар өткөн кылымдын 70-жылдары курулган анча чоң эмес кошумча имаратта жана окуу класстары катары жабдылган курулуш вагондорунда окуп келишет. Жетишсиз финансылоодон улам орто мектептин жаңы копусунун курулушу 5 жылга созулган. «Центерранын» жардамынан улам объектти 2011-жылы пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Канат Садыков республиканын өкмөтүнүн атынан «Центерра Голд Инк.» компаниясынын жетекчилигине көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, «Центеррадан» түшкөн каражаттарды республиканын 27 мектебинин курулушуна жумшоо пландаштырылууда, алардын көпчүлүгү түштүктө – 2011-жылы 20-июлдагы жер титирөөдөн жапа чеккен Ош жана Жалал-Абад областтарында. Азыркы учурда өкмөттүк комиссия түзүлгөн, ал финансылана турган объектилердин тизмесин түзмөкчү. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 8 мектепти куруп бүтүү пландаштырылууда.

«Кыргызалтын» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Осмонбек Артыкбаев да «Центерранын» жетекчилигине түшүнгөндүгү жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. «Кумтөр» долбоорунун биздин республика үчүн мааниси талашсыз. Бул долбоордо Кыргызстандын 3 миңден ашуун жарандары жогорку акы төлөнүүчү иш менен камсыз болушкан. 2011-жылы Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна 10 миллионго жакын доллар түшмөкчү. Мындан тышкары зор суммалар подряддык иштер түрүндө өлкөнүн экономикасына инвестицияланууда. Биз «Кумтөр» долбоору башка чөйрөлөрдө да ийгиликтүү иштөөсүнө кызыкдарбыз. Биз «Центерра» Кыргызстандын өкмөтүнүн мектептерди курууга жана реконструкциялоого жардам берүү өтүнүчүнө тез көңүл бурганына өтө ыраазыбыз. Биздин алдыбызда азыр бир милдет турат: бул каражаттарды багыты боюнча жана натыйжалуу өздөштүрүү», – деп айтты Осмонбек Артыкбаев.

Өз кезегинде «Центерры Голддун» президенти Стивен Ланг компания башка долбоорлорду да карай тургандыгын белгиледи. «Биз келип жана бөлүнгөн каражаттар кантип өздөштүрүлүп жаткандыгын өз көзүбүз менен көрө алгандыгыбызга өтө кубанычтабыз. Бизге компаниябыздын республикадагы ишмердүүлүгүнүн пайдасын көрүү маанилүү. Жакынкы мезгилде биз Ысык-Көл областында колдоп жаткан долбоорлорго барууга ниеттенүүдөбүз», – деп корутундулады Стивен Ланг.