«Кумтөр» Улуттук филармониянын солисттеринин Караколдогу спектаклинин премьерасына демөөрчү болду

«Кумтөр» Улуттук филармониянын солисттеринин Караколдогу спектаклинин премьерасына демөөрчү болду

Жарыяланган: 14 April 2022

Каракол шаарында облустук театрдын сахнасында «Кумтөр Голд Компанинин» колдоосу менен Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын солисттери концерт беришти. Көрүүчүлөргө «Через тернии к счастью» аттуу музыкалык спектаклдин премьерасы тартууланды. Ошондой эле меймандар Ысык-Көл облусунун областтык борборуна сүрөт көргөзмөсүн алып келишти.

Спектаклдин режиссёру Алтынбек Максутовдун айтымында, Кыргызстан эли руханий жактан өнүгүүгө абдан муктаж жана мамлекет менен «Кумтөр» компаниясы бүгүнкү күндө маданият тармагына жигердүү жардам берип жатканы өнөрпоздордун чыгармачылык жактан өсүшүнө чоң стимул болууда.

– Биздин премьера менен Ысык-Көлгө концерт коюуга чакырганы үчүн Теңгиз Бөлтүрүккө ыраазычылык билдирем. Бул спектаклге бир айдан ашык даярданганбыз.  «Через тернии к счастью» пьесасы бир үй-бүлөнүн негизинде, бирок чындыгында бүтүндөй өлкөнүн окуясын баяндаган лирикалык комедия. Бул ар бирибизди, адамды бакытка алып келген нерселер жөнүндө баян. Бактылуу адам болуш үчүн өз жерин, каада-салтын, үй-бүлөңдү сүйүшүң керек деп ойлойм, – деп кошумчалады Алтынбек Максутов.

Белгилүү акын-импровизатор Аала Туткучевдин катышуусундагы спектакль көрүүчүлөргө жаркын, унутулгус сезимдерди тартуулады. Аягында артисттерди дүркүрөгөн кол чабуулар менен узатышты.

– Маданият өлкө үчүн канчалык маанилүү экенин түшүнөбүз. Бүгүнкү күндө «Кумтөр Голд Компани» маданият жана искусство тармагындагы долбоорлорду активдүү колдойт. Тилекке каршы, аймактардагы эл театрга жолду дээрлик унутуп калды. Андыктан, биз мындан ары да республика боюнча ушундай концерттерди өткөрүп, элге жеткиликтүү кылууга аракет жумшайбыз, – деди куттуктоо сөзүнндө КГКны жетектеген «Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Теңгиз Бөлтүрүк.

Уюштуруучуларды, спектаклдин катышуучуларын жана анын көрүүчүлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов да куттуктады. «Ушундай концертти уюштурган үчүн «Кумтөр» компаниясына жана Теңгиз Бөлтүрүккө терең ыраазычылык билдирем. Маданияты жок эл болбойт. Маданият адамдын рухий сапаттарын өрчүтөт. Ушул сыяктуу маданият иш-чаралары мүмкүн болушунча көп болушу керек”, – деди аймак башчысы.