Кумтөр. Карапайым калктын ою

Кумтөр. Карапайым калктын ою

Жарыяланган: 28 October 2013

“Кумтөр” кайсы бийлик келбесин, күндүн темасына айланганы айланган. Кенге байланышкан иштерди жамынып, массалык маалымат булактары аркылуу өз ойлорун таратып, бири папке бөлүштүрүүгө аракет кылса, дагы бири саясий упай топтоону көздөп келет. Ал эми көпчүлүккө үнүн жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү жок карапайым калктын оюн билүү үчүүн бул ирет “Кумтөр” ишканасынын жумушчуларына жолугуп, алар менен баарлашып кайттык.

КЕНДЕГИ КАТАРДАГЫ ЖУМУШЧУЛАРДЫН ЖАШООСУ ЖАНА АЛАРДЫН «КУМТӨР» ТУУРАЛУУ ОЙЛОРУ

Алгачкы кадамыбызды оор техникаларды оңдоочу устаканадан баштадык. Бул бөлүм эң көп улуттун өкүлдөрүнөн түзүлгөн жумушчулар жамааты экенин андагы жумушчулар сыймыктануу менен белгилешти. Мында кыргыз, орус, калмак, уйгурдан тартып канадалык, филиппиндиктер да эмгектенишет экен. Алардын бири, бөлүмдө ширетүүчү болуп иштеген АЛЕКСАНДР ЗУБКОВДУ кепке тартып, орусча узатылган суроолорубузга кыргызча жооп алдык:
– Өзүм Жети-Өгүздө төрөлүп-өскөм. Кыргызчаны ошол айылдык кыргыз балдардан үйрөнүп алгам. Жашап жаткан мамлекетиңдин тилин билбесең уят да. Ал эми бул жакта 15 жылдан бери иштеп, 3 уул, 1 кызымды багып келатам. Аялымдын көзү өтүп кеткен. Балдарымдын улуусу 26да, эң кичүүсү 13тө. Бирөө жогорку окуу жайын бүтүрдү, бирөө студент, ал эми экөө мектепте окушат. Бир уулум программист кесибине окууда. Экинчиси электр техникалык адистигине ээ болуп, жумуш жок болгондуктан, үйдө кичүү бир туугандарын карап отурат. Андыктан «ишкананы жабуу керек» дегендерге кошулбайм. Тескерисинче, мындай ири кен чыгаруучу ишканадан дагы экөө болгондо Кыргызстан үчүн абдан жакшы болмок. Элге да жумуш болуп, жашообуз жакшырат эле.

Ушул эле бөлүмдүн механиги, кыргыз тилин суудай билген, улуту уйгур БАХТИЯР САДЫКОВ ойлорун төмөнкүчө бөлүштү:
– Ишканада коопсуздук маселеси биринчи орунда тургандыктан, кырсыктардын алдын алуу үчүн оор техникаларды маал-маалы менен кароодон өткөрүп, текшерүү жүргүзүп турабыз. Бул жерде иштеп, жалгыз адамдын колунан эч нерсе келбестигин, башкалар менен чогуу иштесең көп нерсеге жетүүгө болорун түшүндүм. Кесиптештерим менен бир үй-бүлөдөй болуп калдык. Ар улуттан түзүлгөн бул бөлүмдө иштеп жүрүп бир канча тилди өздөштүрүүгө жетиштим. Бул да болсо өзүм үчүн чоң пайда деп айта алам.

Бөлүмдө кен казып алуучу жайдагы оор техникаларды жеринен барып оңдоо ишин 5 жылдан бери аркалап келаткан көчмө механик ЗАМИР ИСКАКОВ буларды айтып берди:
– Союз учурунда механиктин окуусун бүтүргөм. Кийинчерээк бул ишкананын техникалары чоң дегенин угуп, кесибим боюнча деңгээлимди көтөрүү максатында жумушка киргем. Кудайга шүгүр, алган айлыгым да жакшы. Үй-бүлөмө кенен жетет. Бюджеттин бир канча пайызын толтуруп жаткан ушундай ишканадан дагы эки-үчөө болсо, мамлекетибиз үчүн жеңилдик болмок. Ата-энелерибиз пенсия алып, бюджетте иштегендердин айлык акысы өз убагында төлөнүп, жакшы ийгиликтерге жетишет элек.
«Кумтөр» Кыргызстанга чоң пайда алып келет деп ойлойм. Ишкананын мага жакканы, бул жакта тартип жана тарбия күчтүү. Ар бир жумушчу өз ишин так аткарат жана бири-бирибизге болгон мамиле жылуу. Уруш-талаш деген жок. Бул жерде эмгектенгендер бир туугандай болуп калдык. Ынтымактуу жамаат менен ушунча ийгиликке жеттик. Ынтымак, биримдик баарын жеңет экен.

Кийинки кадамыбыздын багытын алтын бөлүп алуучу фабрикага буруп, иш үстүндө отурган жумушчулардын ойлорун уктук. БАРЫКТАБАС УСУПБАЕВ, оператор:
– Жети-Өгүздүн Оргочор айылынан болом. Бул жерде 16 жылдан бери иштейм. Кесибим – физик. Союз учурунда чарбада эмгектенгем. Кыргызстандын башка бир да ишканасында жок заманбап технологиялар менен иштөөнү үйрөндүк. Жумуш ушунусу менен кызыктуу. Анткени адам илим жагынан болбосо да, жок дегенде техника жагынан билимин өркүндөтүп туруусу керек да. Ошондой эле бул жерде иштегенден тартып турмуш шартыбызды оңдоп, бутка туруп алдык.

«Үч балам, бир кызым жана бир аялым бар» деп тамаша- чыны аралаш сөз баштаган фабриканын улук оператору ТАЛДЫБЕК АСАНОВ кебин төмөнкүчө улады:
– Мен Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылынан болом. 16 жылдан бери иштеп келатам. Өзүм Орусиядан Автожол техникумун бүтүргөм. Мындайча айтканда, МАИ кызматкеримин. Союз тарагандан кийин иш жок, кесипти алмаштырууга туура келди. Анан «Кумтөр» жаңы ачылып, элдин баары барып жатканынан мен да кызыгып бардым. Бирок дароо эле жумушка алышкан жок. Арыз калтырып, улам сынакка кирип жатып, беш-алты жолу дегенде өтүп, алгач оператордун жардамчысы болуп орношком. Ошондон бери үйрөнүп, окуп отуруп ушул деңгээлге жеткенимди сыймыктануу менен айта алам. Себеби бул жерге келип бир ай же бир жыл иштеп баарын өздөштүрүүгө мүмкүн эмес.
Жумушума келсек, мындай фабрика азырынча Кыргызстанда бирөө, уникалдуу. Анткени ушул кеңседен чыкпай туруп компьютер менен фабриканын кайсы жеринде маселе жаралганын аныктап, аны оңдоп-түзөп коюуга мүмкүн. Баары автоматташтырылган.

Алтын бөлүп алуучу фабрикадан чыгып, кен казуу иши кызуу жүрүп жаткан карьерге бардык. Чынын айтканда, калдайган кара тоонун боорун камгактай сапырып жаткан эң ири көлөмдөгү оор техникаларды жана сыртынан караганда анын кабинасында көзгө кумурскадай эле көрүнгөн айдоочуларды көрүп суктанбай коё албайт экенсиң. Алсак, 1 даанасынын баасы 5 миллион доллар турган экскаватор өзүнчө сөз болууга татыктуу экен. «Күнүнө 5 тонна күйүүчү май сарптаган мындай алпты башкарууга тажрыйбасы мол айдоочу гана отурууга уруксат берилгендиктен, эң престиждүү иш оруну» дешет кенде иштеген жумушчулар. 18 жылдык айдоочулук тажрыйбасы бар, аталган алп экскаватордун айдоочусу ЖЕҢИШ КЕНЕНБЕКОВ буларга токтолду:
– Алгач ишкананын казылып алынган тоо тектерин майдалоочу бөлүмүнө орношуп, анан жүк ташуучу унаанын айдоочулугуна өттүм. Ошентип тажрыйба топтоп жүрүп, эми экскаваторду иштетип жатам. Өзүм мурда мектепте мугалим болчумун. Кесипти алмаштырып, оор техникаларды башкарууну өздөштүрдүм. Ишибиз жакшы. Бала-бакыра, ата-энени багып жатабыз. Бир уулумду Малайзиядан окуттум. Андыктан иш болуп, «Кумтөр» иштеп турса экен деген эле тилек.
Ал эми «улутташтыруу керек» деген – туура эмес чечим. Эгер ишкана жабылып калса, бир топ кыйынчылык болот. Мамлекеттин көзүн караган мугалим, дарыгер, пенсионерлерге акча каражаты убагында берилбей калат. Бизге окшогон жумушчулар ишсиз калабыз. Ишкананын иштеп турганы биз үчүн абдан пайдалуу. Мисалы, каржы жагынан сырткары дүйнөдөгү эң алдыңкы оор техникаларды алып келип, алар менен иштөөнү үйрөндүк.

АДИЛЕТ ЖАНЫБЕКОВ, жүк ташуучу унаанын айдоочусу:
– Мыкты ишканада эмгектенгениме 8 жыл болду. Мыкты экенин башка өлкөдөн экскурсияга келгендер деле айтышат. Себеби иштөө тартиби күчтүү. Тамак-аш, жатакана менен камсыз кылынган. Кесибим боюнча экономистмин. Ишкананын мааниси Кыргызстан үчүн зор. Бул жерде 3 миңдей адам иштеп, үй-бүлөсүн багып жатышат. Ысык-Көл облусуна жыл сайын каражат бөлүнүүдө.
Андыктан митингдерге каршымын. Чынын айтканда, митингдер тажатты. Мындай аракеттер бийликти көздөгөн 2-3 адамдын эле максаты деп ойлойм. Экономиканын өнүгүшү үчүн бейпилдик керек. Тескерисинче, «Кумтөрдөн» башка дагы толтура кендер бар да. Ошолорго инвесторлорду тартып, иштетсек туура болмок.

Эгер бул жерде иштебесем, менин балдарымды ким окутуп, ким мага үй салып бермек эле? Бул иш жок болсо, балким, мен да Казакстанга же Орусияга тентип кетмектирмин. Кудайга шүгүр, өз мекенимде жакшы жерде иштеп жатам.

Кен казылып жаткан карьердеги кыймылды көзөмөлдөөчү диспетчердик бөлүмгө баш багып, унааларга жол көрсөтүү иши менен алектенип жаткан АЛЫБЕК ЧЕКИРОВ менен баарлаштык:
– Башында жүк ташуучу унаанын айдоочусу болсом, бүгүн диспетчердик кызматты аркалап жатам. Эгер бул ишкана болбогондо дагы бир ишканада жөнөкөй айдоочу болуп иштемек болушум керек деп ойлоп коём. Анткени өзүм унааны жакшы көрөм. Буюрса, ушул жерде эмгектенип, экскаваторду башкарууну үйрөнсөм деген кыялым бар.

«Кумтөр» жабылсын» деп ызы-чуу салып жаткандар ошонун ордуна бизге окшоп кичине аракет кылып иштесе жакшы болмок, «иш жок» деп отура бербей. Иштейм дегендер бөтөлкө терип деле акча таап жатышпайбы. Бирөө тыйын берип койсо ошого алданып, анан баш аламандык уюштуруп жатышканы туура эмес да. Ошолорду кантип мекенчил деп айтабыз? Мисалы, өткөндө тууну көтөрүп алып митингге чыгышты. Бир маалда карасаң, ошол туу менен кишилерди сабап жатышат. Андай болсо тууну көтөрүп эмне кереги бар? Эми өзүлөрү билишсин. Өз баштары өзүндө да. Эң негизгиси, аманчылык, тынчтык болсо эле өсөбүз.

Иш сапарыбызды андан ары улантып, кендеги иштетилген сууларды тазалоочу бөлүмдүн иши менен таанышып, андагы операторлордун бири АЙТБЕК САТЫБАЛДИЕВден төмөнкүдөй жоопторду алдык:
– Биз алтын чыгаруучу фабрикадан келген техникалык сууларды бардык эл аралык нормалардын негизинде химиялык жолдор менен тазалоодон өткөрүп, кайра колдонууга жөнөтөбүз. Ар бир 2 саат сайын көлмөгө топтолгон суудан сузуп алып лабораторияда анализ жүргүзүп турабыз.

Ушундай ишканада иштеп жатканыма сыймыктанам. Анткени дүйнөдөгү эң бийик жерде жайгашкан уникалдуу, бирден-бир ишкана болуп саналат. Өзүңө да, башкаларга да зыян келтирбегидей, коопсуздукту сактап, туура иштөөгө үйрөндүк. Айлык акыбыз жогору. Балдарымды окутуп, бутуна тургузууга жетиштим. Кыргызстандын өнүгүп-өсүшү үчүн биз өкмөттү эле карап отура бербестен, ар бир киши колунан келген жумушун жасашы керек. Бизде «өкмөт муну берсин, тигини берсин» деп талап кыла бербей, ар бир адам жок дегенде өз үй-бүлөсү үчүн иштесе, ошондо мамлекетибиз оңолот.

Ушул эле бөлүмдүн башкы инженер-экологу КАПАР БАЯЛИЕВ:
– «Кумтөр» жабылсын» дегендерге кошулбайм. Мында өзүбүздүн эле жарандар иштеп жатышат. Мисалы, ишкана аркылуу жалпы алганда 5 миңге чукул адам иш менен камсыз болгон. Орто эсеп менен ар бир адамдын үй-бүлөсүндө төрттөн киши бар деп эсептесек, бардыгы 20 миң киши болот. Ишкана жабылса, ушунча адам кантет? Экологиялык жактан кооптуу деп чуу салып жаткан эл өкүлдөрүнүн кызыкчылыгы эмнеде экенин билбейм. Биз бардык нормаларды сактоо менен иш алып баруудабыз. Ар нерсеге аралаша бербей, ар ким өз ишин билип, ошого жараша кадам таштаса жакшы болор эле. Бул жерде иштеп жаткандарды «чет өлкөлүктөргө сатылып кетти» деп бөлгөн болбойт. Биз да өз мекенибиздин уулдарыбыз. Биз да ишибиз аркылуу айлык акыбыздан мамлекетке салык төлөп мекенибизге салым кошуп жатабыз.

Кендеги жумушчулардын жатаканасындагы тазалыкты карап, бөлмө кызматчысынын милдетин аркалап келаткан АЗЫМКҮЛ СЫДЫКОВА:
– Турмуш шартым аябай оор болгондуктан, жумушка кирүүгө келген элем. Менин шартымды эске алып, жумушка орноштурган жетекчилерге ыраазымын. 50 жумушчунун бөлмөлөрүн таза кармап туруу – менин милдетим. Өзүмдүн 5 балам бар. Экөө жогорку окуу жайын бүтүрдү. Бирөө болсо орто кесиптик окуу жайын аяктады. Бирок жумуш жок, баары үйдө отурушат. Үйдө жалгыз мен иштейм. Күйөөмдүн туруктуу жумушу жок. Баары мени карап турушат. Эгер ишкана жабылып, мен жумушсуз калсам, балдарым нансыз калышат.

«Кумтөр» сыяктуу дагы ишканалар ачылса өзүбүзгө жакшы болмок. Канчалаган билимдүү жаштарыбыз чет өлкөдө кордук көрүп иштеп жүрүшөт. Андан көрө бул жакта ушундай ишканалар ачылып, иш орундары түзүлсө, өз өлкөбүзгө салым кошуп иштейт эле да. Бизде иштеген бир келиндин баласы Орусияда иштеп жүрөт. Өткөндө ошол келиндин күйөөсү каза болуп, көр оокаттын айынан чет жерде жүргөн баласы атасына топурак салганга келе албай калды. Ишканага бут тосуп жаткандар, тескерисинче, ушундай ишканаларга көмөк көрсөтүп, дагы иш орундарын түзүүгө аракет кылалы дешсе болмок. Биздин компания балдар үйүнө ар кандай жардамдарды берип, колдоо көрсөтүп келатат. Тоң районундагы жолдорду салып берип жатат. Ошондуктан жердештеримди кызуу кандуулукка алдырбоого, бузукулардын сөзүнө алданбоого чакырам.

ТАЛАНТБЕК КОЖОЕВ, гидротехник:
– Мен Нарындын Ат-Башысынан болом. Бул жакта иштегениме 8 жыл болуп калды. Алгач келгенде бургулоочу жайда бургулоочунун жардамчысы элем. Азыр гидротехник кызматын аркалап жүрөм. «Кумтөргө» чейин ар кандай жумуштарда иштедим. Орусияга чейин барып келдим. Кийин тоо-кен тармагы боюнча атайын билим алып, ишканага жумушка орноштум. Бул жакта жумушчулардын жашоо шарты баары ойдогудай. Ошондой эле чет элдик окутуучу-адистер менен иштешип жүрүп англис тилин да анча-мынча өздөштүрүп алдым. Жумуштан кийинки бош убактыбызда бильярд, теннис ойнойбуз. Каалоочулар үчүн машыгуу залы бар.

Ишкананын жабылышын талап кылгандар «Кумтөрдүн» мамлекетке канчалык пайдасы бар экенин түшүнбөй жатышат. Бирөө баштаса эле калгандары артынан түшүнүп-түшүнбөй ээрчип кетип жатат да.

Эл арасында «бул кен өндүрүүчү ишканага азык-түлүктүн баары сырттан ташылып келет» деген сөз айтылып жүрөт. Мунун чын-бышыгын билүү үчүн аталган ишкананын кампа көзөмөлдөөчүсү ЭРНЕСТ АСАНБЕКОВго кайрылып, жооп алдык:
– Бул жакка тамак-аштар жумасына эки ирет ташылып келет. Азык-түлүктүн 90 пайызын жергиликтүү элден сатып алабыз. Мисалы, этти Караколдон алсак, томат Жалал-Абаддан келет. Жумушчуларга жумасына 3 тонна эт, 30 миң даана жумуртка керектелет. Мунун баары өзүбүздүн өндүрүүчүлөрдөн алынат. Бул да болсо жергиликтүү калктын жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми бизде жок консерваларды чет өлкөдөн ташууга аргасызбыз.

Кен казуу ишине Кыргызстандын ичиндеги башка ишканалар дагы көмөктөшүп, каражат таап келишет. Мына ошондой ортомчулук кызматта иштеп жаткандардын бири, Балыкчы шаарында жайгашкан «АБТ» ишканасынын кызматкери АЙБЕК ШАМБЕТОВ өз оюн мындайча билдирет:
– Тендер аркылуу «Кумтөрдөгү» таштандыларды сорттоо боюнча ишти утуп алып, эки жылдан бери иштеп жатабыз. Таштандыларды башка жактагылардай болуп ой келди таштай бербей, темири өзүнчө, жыгачы өзүнчө, желимдери өзүнчө бөлүнөт. Бизде жалпысынан 100гө жакын кызматкер иштейт. Ишибиз жакшы. Мурда үйгө килограммдап азык-түлүк ташысам, бул жакта иштегенден тарта алган айлыгыма мүшөктөп ташып калдым. Эгер депутаттар ишкананы жапса, баарыбыз жумушу жок калабыз. Бизге жумуш эле болуп турганы жакшы.

Жогоруда айтылгандай, кен казуу иштерине тартылган ортомчу «Фаворит Транс» ишканасынын мастери ТӨЛӨГӨН САРЫНЖИЕВ буларга токтолду:
– Биз кен жайгашкан аймактын өсүмдүк өсүүчү катмарындагы 15-20 сантиметрди түзгөн топурагын казып алып, аны сактоо үчүн кампаларга киргизип жатабыз. Бул аракет кийин кен казуу иштери бүткөндө кен казылып алынган жерлердин жана уулуу калдыктар сакталуучу жайлардын үстүн жабууга жасалууда. Мындайча айтканда, кен иштетилип бүткөндөн кийин анын аймагын кайра биринчи абалына келтирүү болуп саналат. Эгер «Кумтөрдү» улутташтырсак, туура эмес болуп калат. Өзүбүз иштетип кетүүгө азырынча күчүбүз жетпесе керек деген ойдомун.

«КУМТӨРДӨГҮ» ЖУМУШЧУЛАРДЫН 95 ПАЙЫЗДАН АШЫГЫ БИЗДИН ЖАРАНДАР

Ишканада 3 миңден ашык жумушчу эмгектенет. Алардын 95 пайыздан ашыгы Кыргызстандын жарандары болсо, калган 5 пайызга жетпеген орунда чет элдик адистер эмгектенишет. Ал адистер дүйнөдөгү эң оор техникаларды өндүргөн компаниялардын өкүлдөрү катары иштешүүдө. Алардын негизги иши – жаңы техникаларды башкарууну, оңдоону биздин жарандарга окутуп, иш жүзүндө чогуу иштеп үйрөтүү. Анткени ири көлөмдөгү бул техникаларды жүргүзүүнү даярдыгы жок адам дароо өздөштүрүп кете албайт. Бул «Өзүбүздүн жарандар турганда эмне үчүн чет элдиктер иштеп жатышат?» деген суроого жооп болсо керек. Кен казууда колдонулуп жаткан оор техникалардын баалары да кымбат. Мисалга алсак, жаңы алынып келинген жол тазалагыч техникасынын баасы 2,3 миллион доллар, экскаватордуку 5 миллион доллар турат. Ал эми 150-195 тонналык жүк ташуучу унаанын бир эле дөңгөлөгү 40 миң доллар же Бишкектеги көп кабаттуу үйдөгү 2 бөлмөлүү батирдин баасына барабар.