КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК ЭМГЕК АКЫ БОЮНЧА БУХГАЛТЕРДИН БОШ ОРДУ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЫЯЛАЙТ

Билдирменин номери: BI-19-06

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕР:

• Эмгек акыларды, аванс тɵлɵмдɵрүн, ɵргүү тɵлɵмдɵрүн, убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана тɵрɵгɵндүгү боюнча жɵлɵк пулдарды эсептɵɵ жана чегерүү;
• Эмгек акы боюнча баштапкы учеттук документтердин ɵз убагында жана сапаттуу жүргүзүлүүсүн кɵзɵмɵлдɵɵ;
• Киреше салык отчетторун жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча эсептик ведомостторду түзүү;
• Эмгек акы отчетторун башкаруу учеттун максаттары үчүн даярдоо;
• Эмгек акы эсептɵɵ бɵлүмүнүн башчысынын тапшырмаларын аткаруу.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

• Жогорку билим (финансы, экономика жаатында, “бухгалтеридик эсеп”тармагы);
• Окшош жумуштарда 3 жылдан ɵйдɵ тажрыйбага ээ болуу;
• Айлык эмгек акыларды эсептɵɵ жана айлык акылардан кармап калуулар жаатында салык жана эмгек мыйзамдарынын талаптарын мыкты билүү;
• ПК колдоно билүү (Excel, Power Point, Word);
• Жоопкерчиликтүү, тыкан, кɵлɵмдүү маалымат менен иштей билүү жана команда ичинде иштей билүү;
• Жумушту белгиленген мɵɵнɵттɵ аткарганга жɵндɵмдүү.

Анкета жана резюмеңизди 2019-ж. 26 июнь саат 16:00 чейин HR.Kumtor@centerragold.com электрондук почтаcына же тɵмɵнкү дарекке тапшырсаңыз болот: 720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 («Учкун» ААКу, 10-кабат), же болбосо КГКнын региондогу офистерине (Каракол, Балыкчы).
Анкетаны бул жерден же жогоруда кɵрсɵтүлгɵн адрес боюнча алсаӊыз болот.
Анкетаңызда билдирменин номери кɵрсɵтүлүшү талап: BI-19-06

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.