2019-жылга прогноз

• 2019-жылы алтын өндүрүүнүн көлөмү 535-565 миӊдей унция же 16,64-17,57 т болмокчу.

• Жалпы капиталдык чыгымдар, кыртыш ачуу иштерине чыгымдарды кошпогондо 58 млн долларды түзүмөкчү.

• Ɵнүктүрүүгɵ инвестициялар 14 млн доллар кɵлɵмүндɵ.

• Карьерди иштетүүдөгү кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруу чыгымдары 108 млн доллар ɵлчɵмүндɵ күтүлүүдɵ.

• Геочалгындоо иштерине  11 млн доллар жумшоо пландалды.

 

«Кумтөрдүн» вебсайтына кош келиңиздер! Компаниябыз жөнүндө көбүрөөк маалымат алууга убакыт арнаганыңыз үчүн чоң ыраазычылыгымды билдирем.

Биздин максатыбыз – биримдикте эмгектенүүгө негизделген, жоопкерчиликтүү түрдө туруктуу баалуулуктар менен өнүгүүнү камсыздаган, мыктыгерчилик маданиятын жаратуу. Ишти кандай жүргүзүп жана жамаатыбыз кызматтык милдеттерин кандай аткарганы максатыбызга жетүүдөгү түркүк болоруна терең ишенебиз.

Биздин баалулуктар, «Кумтөрдө» кантип күнүгө иштегенибиз аркылуу так чагылдырылат: Биздин келечек биримдикте, Ак-ниеттүү ишкана, Үзгүлтүксү жакшыртуу жана Максаттарга ийгиликтүү жетишүү.

Эл-аралык компания катары, ар кандай кызыктар тараптардын ишеничин актоо үчүн, биз адамдардын түркүн муктаждыктарын, баалулуктарын жана маданиятын сыйлап, жогорку деңгээлдеги ачыктыкта иш жүргүзөбүз.

Биз өндүрүштө жана үйдө, айлана-чөйрөдө жана жергиликтүү коомчулуктарда кырсыктардын Нөлдүк көрсөткүчүн камсыздоо үчүн бардык чараларды көрөбүз. “Work Safe – Home Safe” (Жумушта коопсуздук – Үйдө коопсуздук) аттуу программабызды жайылтуу аркылуу, ишканабыздын ар бир жумушчусу кырсыктар боюнча Нөлдүк көрсөткүчкө жетишүүгө милдеттенет.

Биздин бардык кызыктар тараптарыбыздын, алардын ичинде эмгек жамаатыбыз, жергиликтүү коомчулуктардын, акционерлерибиздин, мамлекеттик органдардын жана жалпы коомдун, экономикалык, экологиялык жана социалдык талаптарына жооп берүү үчүн, башкаруу ыкмаларыбызды жакшыртууга умтулабыз.

Келечекти карап, Кыргыз Республикасынын экономикасына туруктуу салым кошууга жана Кыргызстандын эң мыкты жумуш берүүчүлөрдөн боло бергенге, кендин иштетүү мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүктөрдү издөөнү улантабыз.

 


Видеотасмалар:


Жаңылыктар

24.01.2020

Кумтөр компаниясы Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууда.

Кумтөр компаниясы Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууда. Экономика флагманынын жардамы аркылуу  Жети-Өгүз районунун дагы бир алыскы Кургак-Айрык аттуу айылдарынын биринде, өздөрүнүн тигүү цехи жана чач тарачы, ал эми Кызыл-Суу айылында – футбол талаасы ачылды. Жети-Өгүз командасы эки жыл удаасы менен  Кыргызстан Кубогун жана пляж футболун жеңип келишүүдө. Ысыккөлдүктөрдүн айтуусунда  спорттун бул түрүнүн популярдуу болушу Кумтөр компаниясынын Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун көптөгөн айылдарына футбол талааларын куруп берүүсү аркылуу ишке ашып жатат.

23.01.2020

Кумтөр компаниясынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан JIKA агентигинин «Бир айыл – бир өндүрүм» долбоору.

Ысык-Көл облусунда Кумтөр компаниясынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Жапониянын JIKA агентигинин «Бир айыл – бир өндүрүм» долбоорунун жардамы аркылуу кийизден жасалган жогорку сапаттагы буюмдарды өндүрүүнүн көлөмү, кадимки кийиз өнөр-жайына айланып, экспортко багытталган. Жалпысынан бул долбоордун алкагында Кумтөр компаниясы 78 жамаатты каржылаган. 10 миллион сомдон ашык каражат кайрадан иштетүү, сувинирлер өндүрүшү жана тамак-аш азыктарын даярдоого арналган.

Centerra Gold

23.01.2020

“Центерра Голд” компаниясы Кумтөр кенинде ачык тоо-кен иштерин жүргүзүүгө уруксат алды

Торонто, Канада, 2020-жылдын 22–январы: “Центерра Голд Инк.”  (“Центерра”) компаниясы билдиргендей, Кыргыз Республикасында жайгашкан Кумтөр кени ачык тоо-кен иштерин жаңыртуу жана 2020-жылдын аягына чейин фабриканын ишин улантуу үчүн керектүү болгон бардык уруксат жана макулдашууларды алды. Кыргыз Республикасынын тийиштүү органдары тарабынан Компаниянын Борбордук карьер участогундагы 2020-жылга тоо-кен иштеринин, анын ичинде жараксыз тоо-тек үймөгүнүн пайда болуусунун түзөтүлгөн планы жана Борбордук өрөөндө жана Сарытөр өрөөнүндө бош тек үймөктөрүнүн участокторуна жайгаштырууда коопсуздукту камсыздоо боюнча конкреттүү иш-чаралардын планы жактырылды. Азыркы учурда ачык тоо-кен иштеринин темпи өсүүдө жана кийинки жуманын башында алар толук көлөмдө иштээри пландалууда. Ошол эле учурда 2020-жылдагы планда каралгандай фабрикада топтолгон кен запастарын кайра иштетүү уланууда. Мындан тышкары, Кумтөрдө Лысый суусунун өрөөнүндөгү бош тек үймөгүндө болгон жер көчкүнүн себептерин өздүк ички иликтөө уланууда, муну менен Кумтөр аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын тергөө органдары менен тыгыз кызматташат. Лысый суусунун өрөөнүндөгү бош тек үймөгүндө болгон жер көчкүнүн кесепетинен Компаниянын кабарсыз жоголгон эки кызматкерин издөө боюнча куткару иштери башталгандан алты жума өткөндөн кийин да ал кызматкрлердин эч кандай изи табылган жок. Туугандарынын макулдугу жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары, анын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашуу боюнча, издөө иштерин токтотуу тууралуу чечим кабыл алынган. Кен казылган жерде каза болгон кызматкерлердин туугандары, жакндары жана жердештеринин катышуусунда жаназа окулуп, […]

Кумтор Оперейтинг Компани

10.01.2020

МААЛЫМАТТЫК БИЛДИРҮҮ

2020-жылдын 9-январында, Кумтөр кен ишканасында 2019-жылдын 1-декабрында Лысый суусунун өрөөнүндөгү бош тек үймөгүндө болгон жер көчкү натыйжасында дайынсыз жоголгон кен ишкананын эки жумушчусун издөөгө багытталган авариялык-куткаруу жумуштары токтотулду. Издөө чараларын токтотуу чечими Кумтөр кен ишканасынын жоголуп кеткен жумушчуларынын туугандарынын макулдугу менен кабыл алынган.  «Центерра Голд Инк.» компаниясынын вице-президенти жана ɵндүрүш боюнча башкы директору Дэниел Дежарден: «Биз бул кырсыкка терең кайгырабыз жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына жана кесиптештерине кайгысын тең бөлүшүү менен, көңүл айтабыз. Компания жер көчкүнүн себептерин жана бош тектин урашына эмне түрткү болгонун так билүү үчүн, жана андай кырсыктарды башка болтурбоо үчүн башкача иштөө ыкмалардын сунуштоосун алуу үчүн бардык тиешелүү мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери менен тыгыз иштешет. «Кумтөр» компаниясы биздин дүйнөлүк класстагы ишканада эмгектин коопсуздугун арттыруу үчүн алгылыктуу кадамдарга барды жана биздин штаттагы жана келишим боюнча иштеген кызматкерлердин кайсы участокто иштебесин, өмүрү жана саламаттыгына дыкат көңүл бөлөт. Жумуш орундагы коопсуздукту камсыз кылуу, кызматкерлердин өмүрүн жана саламаттыгын сактоо – бирдин күнүмдүк ишибиздин башкы принциби, жана болгон кырсык биздин компаниянын бирин да калтырбай, бардык участокторунда коопсуздук чараларын арттыруу зарылдыгын дагы мурункудан да бекемдеди».

31.12.2019

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫНЫН БАЛДАРЫН ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

«Кумтөр» компаниясы жаңы жылдык майрамдардын алдында Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун, ошондой эле Балыкчы жана Каракол шаарларынын  балдарына 2604 белек тартуулады.

30.12.2019

Караколдогу бөбөктөргө Жаңы жылдык балаты

Жылыга өтүүчү өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн балатысына 3 райондон жана 2 шаардан 250 бөбөк атайы даярдалган жаңы жылдык балаты майрамына катышты. Ал майрамда “Кумтөр Голд Компани” 700 белек тапшырып, чакан майрамдык салымын кошту.

27.12.2019

«Кумтɵр» компаниясынын ыктыярчылары Сокулуктагы реабилитациондук борбордун балдарын келе жаткан Жаңы Жыл майрамы менен куттукташты

2019-жылдын 26-декабрь күнү «Кумтɵрдүн» персоналды ɵнүктүрүү жана администрация бɵлүмүнүн кызматкерлери Сокулуктагы мүмкүнчүлүктɵрү чектелген балдар үчүн реабилитациондук борборго барышты.

27.12.2019

улгайган адамдар үчүн ресурстук борбордун кызматкерлерин жана кардарларын куттуктоо

Балыкчы ɵткɵɵл базанын жумушчулары келе жаткан Жаңы Жыл менен Балыкчы шаарындагы улгайган адамдар үчүн ресурстук борбордун кызматкерлерин жана кардарларын куттукташты