«Бир айыл – бир продукт» ассоциациясынын продукциясы эми «Газпромнефть» МКСтер тармагында жеткиликтүү

«Бир айыл – бир продукт» ассоциациясынын продукциясы эми «Газпромнефть» МКСтер тармагында жеткиликтүү

Жарыяланган: 02 October 2013

One Village One Product2013-жылдын 2-октябрында «Газпром нефть Азия» ЖЧКсынын борбордун Ибраимов жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги МКСтеринин (май куюучу станция) биринде «Бир айыл – бир продукт» ассоциациясынын мүчөсү болгон жамааттардын продукциясын сатуу точкаларынын расмий ачылышы болду. Колдон жасалган самын, ак бал, вареньелердин ар кандай түрлөрү, кийизден жасалган жана башка көптөгөн уникалдуу кол өнөрчүлүк буюмдары эми «Газпромнефть» тармагынын адамдар эң көп болуучу станцияларында жеткиликтүү болмокчу. Сынамык сатуу точкалары азырынча Бишкек жана Балыкчы шаарларында гана иштөөдө, бирок болочокто экологиялык таза продукцияны өлкөнүн башка региондорунда да сатуу пландаштырылууда.

Сатууга коюлган вареньенин, джемдердин жана ширелердин айрым түрлөрү «Кумтөр» компаниясынын финансылык колдоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинин жамааттарын активдештирүү боюнча долбоордун алкактарында өндүрүлгөн.

«Биз көлдүк чеберлердин колдорунан жаралган продукция жана буюмдар Бишкекте эле эмес, ошондой эле бүтүндөй өлкө боюнча жеткиликтүү болуп калышы үчүн бардык аракеттерди жумшамакчыбыз. Бүгүн биз МКС тармагынын эки дүкөнүндө сатуу точкасын ишке киргизүүдөбүз жана станциялардын базасында өнүгүү келечегине ишенебиз. Биз 2012-жылдын ортосунда ишке киргизген долбоорду жүзөгө ашырууда финансылык колдоосу үчүн «Кумтөр» компаниясына жана биздин буюмдарды МКСтердин жанындагы дүкөндөргө коюу мүмкүнчүлүгү үчүн «Газпром нефть Азияга» ыраазыбыз. Биз кыргызстандыктар биздин чеберлердин эмгегин татыктуу баалашат жана биздин продукцияны жактырып калышат деп ишенебиз!», – деп белгиледи «Бир айыл – бир продукт» ассоциациясынын төрайымы Махабат Жакеева.

Маалымат үчүн:

«Бир айыл – бир продукт» ассоциациясы Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясы жүзөгө ашырып жаткан «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкактарында регионалдык өнүктүрүү максатында Ысык-Көл областынын өндүрүшчүлөрүнүн демилгеси боюнча түзүлгөн. Ар бир кызыккан жамаат же жак ассоциацияга кошула алат. БАБП ассоциациясынын мүчөлөрү жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен уникалдуу продукция өндүрүшөт.

«Кумтөр» компаниясы жана «Бир айыл – бир продукт» ассоциациясы Ысык-Көл областынын түштүк бөлүгүн активдештирүү боюнча биргелешкен долбоорду 2012-жылдын июнунан бери жүзөгө ашырууда. Долбоордун максаты – жергиликтүү жамааттарга жеткиликтүү ресурстардан товарларды өндүрүү жолу менен Ысык-Көл областынын экономикалык потенциалын өнүктүрүү үчүн жеке ишкерлердин жана жергиликтүү жамааттардын аракеттерин бириктирүү. «Бир айыл – бир продукт» программасынын олуттуу принциби болуп айылдардын жашоочуларынын кандай товар өндүрө тургандыгын өздөрү чечкени саналат. Долбоор 20 айылды жана БАБП ассоциациясынын мүчөлөрү болушкан 30дай жергиликтүү жамааттарды камтыйт.