02.03.2021: 9.61 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 743 830 971 USD

Өндүрүштүк процесстерди талдоо боюнча инженер (Кумтөр кенинде)

Жарыяланган: 12 May 2017

БОШ ОРУН ЖАБЫЛДЫ

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕР:

• Маалымат базасын башкарууну камсыздоо, оперативдүү анализ өткөрүү, стандартташтырылган отчеттуулук системасын иштеп чыгуу;
• Тоо-кен иштерин диспетчеризациялоо жараяндарын колдоо;
• Күнүмдүк келип түшкөн маалыматтарды башкаруу жана жумуштардын жүрүшү менен маалымат базасынын абалы жөнүндө отчетторду түзүү;
• Маалыматтардын анализин жасоо, келип түшкөн маалыматты текшерүү жана анын сапатуулугун камсыздоо;
• Коопсуз жана үзүрлүү иш методдорун илгерилетүү.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

• Тоо-кен тармагында жогорку билимдин ээси/SQL маалымат базасында адистешкен программист;
• SQL маалымат базасын мыкты билүү жана колдонуу көндүмдөрүнө ээ болуу, жана ошондой эле аны өнөр жай тармагында колдонуу тажрыйбасына ээ болуу;
• Долбоордук параметрлерди, эксплуатация режимдерин жана техникалык тейлөө методдорун билүү;
• Мыкты компьютер көндүмдөрүнө ээ болуу, MS Office, Linux, Crystal Reporting, VBA, SSRS, SQL Management Studio программаларын билүү;
• Адистик боюнча 2 жылдан кем болбогон иш тажрыйбасына ээ болуу;
• В категориясындагы айдоочу күбөлүгүнө ээ болуу;
• Кыргыз жана орус тилдерин билүү, англис тили артыкчылык болуп саналат;
• Жоопкерчилик, жатыктык жана аткаргычтык;

Толтурулган анкетаны жана эмгек китепчесинин көчүрмөсүн 2017-ж. 26 майда саат 16:00-дөн кеч эмес HR_Kumtor@kumtor.com электрондук почтасына же 720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 ( «Учкун» АК имараты, 10-кабат) дарегине тапшырышыңыз абзел.

Анкетаны бул жерден жүктөп же жогоруда берилген даректе алсаңыз болот.

Анкетада милдеттүү түрдө заявканын номерин белгилеп коюшуңуз зарыл: KS-17-44

>Маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикацияИнфратүзүм долбоорлору боюнча координатор (Кумтөр кенинде) Следующая публикация3 ЖАНА 4 КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН ЖАЙКЫ ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
02.03.2021: 9.61 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 743 830 971 USD
© 2011-2021 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.