Өлкөнүн жетекчилигине ачык кат

Өлкөнүн жетекчилигине ачык кат

Жарыяланган: 24 January 2014

Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Асылбек Шарипович, Жантөрө Жолдошевич!

Кыргыз Республикасынын бизнес жамаатынын атынан өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүүсүнө жана кыргызстандыктардын жашоо деңгээлин жогорулатууга салымыңыздар үчүн Сиздерге ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер.

Эл аралык ишкер кеңеш Сиздердин алдыңыздарда турган башкы милдетти – бейпил, адилет жана гүлдөп-өнүккөн мамлекетти курууну аткарууга өзүнүн колдоосун билдирет.
Биз сиздердин ар күндүк көңүл бурууңуздарды талап кылган көп сандаган проблемаларды түшүнөбүз жана коррупция менен күрөшүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, административдик тоскоолдуктарды четтетүү, ошондой эле инвесторлор үчүн укуктук чөйрөнү өнүктүрүү боюнча аракеттериңиздерди колдойбуз. 2013-жылдагы ИДПнын өсүшү жөнүндөгү (10%дан ашуун) акыркы маалыматтар – олуттуу натыйжа, Кыргызстандын андан-ары өнүгүүсү жана анын активдүү өнүгүп жаткан мамлекет катарында эл аралык таанылуусу үчүн кубаттуу түрткү.

Өлкөнү ыраттуу өнүктүрүүнүн ушул өңүтүнөн улам биз Сиздерге анын жыйынтыктарынан өлкөбүздө иштеп жатышкан көптөгөн ири инвесторлор тарабынан Кыргызстанга мындан аркы инвестициялар жөнүндө чечимдерди кабыл алуу көз каранды болгон «Кумтөр» долбоору боюнча маселени тезинен чечүү чакырыгы менен кайрылмакчыбыз.

Биз өз долбоорлорун Кыргызстанда өнүктүрүп жаткан бир катар ири инвесторлор бир аз мурдараак өз капиталдарын башка өлкөлөргө чыгарып кетишкендигин жана жер казынасын пайдалануу долбоорлорунан чыгышкандыгын көрүп турабыз. Ага төмөнкү инвесторлор мисал боло алышат: «Сантос ЛТД» ЖАКы, Австралия (өлкөнүн түштүгүндөгү нефть-газ долбоорлору – «Южная Нефтяная Компания» ЖАКы, «Текстоник» ЖАКы, «КНГ Гидрокарбонс» БИси); Петрофак компаниялар тобу, Улуу Британия (нефть казып алуу, кайра иштетүү жана сатуу– «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКы); «Кентор Голд ЛТД» ААКсы, Австралия (Таластагы жез-алтын кени, «Андаш Майнинг Компани» ЖЧКсы, «Кентор Голд ЛТД» ААКсынын Кыргызстандагы филиалы); «Голд Филдз ЛТД» эл аралык компаниясы (Таластагы жез-алтын кени – «Талас Коппер Голд» ЖЧКсы).

Биз Кумтөр боюнча макулдашууну денонсациялоо же компанияны улутташтыруу өлкөнүн экономикасына жана фискалдык коопсуздугуна өтө терс таасирин тийгизип, социалдык чыңалууну кескин жогорулатып жана инвестицияларды тартууну өтө кыйындатып жана өлкөдөн инвестициялардын кайра кетүүсүнүн себеби болуп кала тургандыгына ишенебиз.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар консенсуска жетишпесе, анда Кыргызстанды узак жана зыянга чалдыктыруучу эл аралык соттук териштирүүлөр күтүп турат. Кыргызстан арбитраждык сотту уттурган мисалдар, алардын ичинде «Пинара» отелинин мурдагы ээлери, «ЭЭЗди өнүктүрүү боюнча борборазиялык корпорация» ЖЧКсы, «Аврора Плюс» ЖЧКсынын ээлери менен мисалдар бар. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев белгилегендей, уттурган доолор боюнча төлөмдөр мамлекеттик бюджет үчүн оор. Ошол эле убакта Кыргызстан чет элдик инвесторлор тарабынан демилгеленген башка арбитраждарда да катышып жатат жана чет элдик компаниялардын Кыргыз Республикасына доолорунун жалпы суммасы миллиард АКШ долларына жетти. Кыргызстандын «Центерра» менен иште утулуп калуу коркунучу инвестордун пайдасына олуттуу компенсацияларды – бир нече миллиард АКШ долларына чейин төлөп берүүнү талап кылууга алып келиши мүмкүн.

Мүмкүн болуучу кесепеттердин арасында – ишкананын операциялык ишмердүүлүгүнүн үзгүлтүккө учуроо коркунучу, ошондой эле масштабдуу тобокелчиликтер – экономикалык, социалдык, саясый, өлкөнүн эл аралык ишкер имиджинин начарлоо тобокелчиликтери да бар. Бул тобокелчиликтерден төмөнкүдөй мүмкүн болуучу кесепеттер келип чыгат:
• Жалпы тоо-кен казып алуу секторунан салыктар түрүндө бюджетке түшүүлөр 2012-жылы 6 719 млн. сомду түзгөн, анын ичинен “Кумтөрдүн” дүң кирешеге салыкты гана эске алган салымы 4 578 млн. сомду же 68%ды түзгөн. Бул түшүүлөр жоготулушу мүмкүн.
• Салыктык жана башка милдеттүү которуулардын кыскаруусу жылына 130,0 млн. АКШ долларын түзөт. Кен ишканасынын токтотулуусунан жылдык жоготуулар 300 млн. АКШ долларын түзүшү мүмкүн.
• Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду олуттуу жоготууларды тартмакчы, ага кызматкерлер жана компания өзү ар жыл сайын 20 млн. АКШ долларын которушат.
• Компания аларга 2009-жылдан бери 25 млн. АКШ долларынан ашуун которгон Ысык-Көл областын социалдык-экономикалык өнүктүрүү долбоорлору жоготулмакчы.
• Кен ишканасын тейлеген Кыргызстандын 3000ден ашуун жараны ишсиз калышмакчы, а бул эмгек акы түрүндө эле жылына 90 млн. ашуун АКШ доллары, ал 10 миңден ашуун үй-бүлөнүн бакубаттуулугуна терс таасир тийгизмекчи.
• Мөңгү массаларынын кыймылынын натыйжасында карьердин бортторунун кыйроо коркунучун кошо алганда, кен ишканасындагы инфраструктуранын абалына контролду жоготуу, андан улам руда казып алынып жаткан зонага жеткиликтүүлүк жоготулушу мүмкүн. Карьердеги иштерди бир жумага токтотуу да аларды четтетүүгө зор финансылык жумшоолор жана убакыттык жоготуулар талап кылынышы мүмкүн болгон кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
• Руданы казып алууну токтотуу алтын ылгоочу фабриканын токтотулушуна алып келет, аны ишке киргизүүгө чоң финансылык жумшоолор жана убакыт талап кылынат. 2013-ж. май айында фабриканы болгону 3 күнгө токтотуу 4,5 млн. АКШ доллары зыян алып келген.
• Ишкананын ишин токтотуу калдыктар чарбасын жана башка өнөр жай объектилерин тейлөөгө коркунуч түзөт.
• Өндүрүш узак токтотулган учурда кен ишканасында ишти кайра баштоо жана кесепеттерди четтетүү үчүн 100 млн.дон 400 млн.го чейин АКШ доллары керек болушу мүмкүн.

Жогоруда саналган тобокелчиликтердин кесепеттери түз болуп саналат жана алар мультипликативдүү натыйжага ээ болушу мүмкүн болгон «Кумтөр» кен ишканасындагы өндүрүштүн токтоо мүмкүнчүлүгүнүн башка терс факторлорун эсепке албайт.

«Кумтөр» боюнча чечим кабыл алууну создуктуруу эмитен эле Кыргыз Республикасынын бюджетинин финансылык жоготууларына алып келүүдө. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча – минимум 70 млн. АКШ долларын жоготууга. Жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруу, тескерисинче, өлкөнүн бюджетин жалпысынан 2,7 млрд. АКШ долларына чейин көбөйтүүгө жөндөмдүү.

«Кумтөр» проблемасын адилет чечүү Кыргызстандагы долбоорлорго каражат салууга потенциалдуу даяр болгон бардык инвесторлор үчүн позитивдүү сигнал болуп калмакчы. Себеби, бийлик да, бизнес да, катардагы жарандар да ири акча каражаттарын жумшаган ар бир ишкерге анын бизнеси иштөөчү шарттардын алдын-ала айтууга боло тургандыгы маанилүү экендигин эң сонун түшүнүшөт.

Долбоор боюнча Кыргызстандын элинин кызыкчылыктары үчүн процесстин эки тарабын тең канааттандыра турган салмактанылган чечим кабыл алуу зарыл жана макулдашуунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунуштаган вариантын бекитүү дал ушундай чечим боло алат. Бул кадам экономиканы чыңдоо жана өндүрүштүк потенциалды өнүктүрүү үчүн зарыл болгон инвестицияларды тартууга мүмкүндүк бермекчи.

Биз, бизнес жамааттын өкүлдөрү, эң сонун Мекенибизге патриоттуулук менен мамиле жасайбыз жана Мамлекетибиздин келечегине ишеним менен жашайбыз. Бул ишеним бизнес жамаатты Кыргызстандын өнүгүүсүнө алынча салым кошууга түртөт.

Эл аралык ишкер кеңеш бул маселени ар тараптуу, тобокелчиликтерди жана кесепеттерди эске алуу менен кароого чакырат жана анын тез чечилишине үмүттөнгөндүгүн билдирет.