«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары КГК) колдонулбаган эски жеӊил унаа жана тоо-кен техникасынын тетиктерин сатууну көздөйт. Тетиктер 3-10 жыл мурун алынып Кумтөр кениндеги складда сакталып турган. ЭКГК тетиктерди категорияларга бөлүнгөн бир лот кылып сатууну ниеттенүүдө. Сатууга сунушталган категорияларга бөлүнүп түзүлгөн тетиктердин тизмеси тиркелет. Кээ бир тетиктердин сүрөттөрү бар. Ири көлөмдө сатып алуу сунушу түзсө, кен жайга барып көрүү уюштурулушу мүмкүн. Аталган тетиктерди сатып алууга кызыкдар тараптар өз баа сунуштарын калган документтер менен тиркеп kgc.supplychain@centerragold.com электрондук дарегине 2020-жылдын 18-июнуна чейин жөнөтсө болот.
Тизмелерди көчүрүп алуу: