08.05.2021: 6.92 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 535 620 220 USD

«Кумтөр» жабдууларды мыйзамсыз ташып чыгууну жүргүзбөгөн жана жүргүзүп жаткан жок

Жарыяланган: 19 November 2013

No illegal removal of equipment from the Kumtor Mine Site has taken place, at any time in the past or the presentАйрым депутаттардын «Кумтөр» кен ишканасынан жаңы жабдууну ташып чыгарып кетип жаткан имиш деген сөздөрүнө жооп кылып, компания «Кумтөр» кен ишканасынан жабдууларды эч кандай мыйзамсыз ташып чыгарууну жүргүзбөгөндүгүн жана жүргүзүп жатпагандыгын өзгөчө баса көрсөтөт. Компания жер астындагы иштетүү долбоорун жабууга байланыштуу (караңыз: “Центерра” компаниясынын 2012-ж. 7-ноябрындагы пресс-релизи), жумшоолорду оптималдаштыруу максатында компаниянын жетекчилиги тарабынан жер астындагы иштерге гана пайдаланылган техниканы сатуу жөннүдө чечим кабыл алынганын да билдирет. 2013-жылдын февралында бардык жер астындагы жабдуулар кен ишканасынан Балыкчыга өткөөл базага түшүрүлгөн.

2013-ж. 5-мартында корпоративдик сайтта: kumtor.kg компания жер астындагы жабдуулардын 22 бирдигин: жүктөгүчтөрдү, самосвалдарды, бургулоо жабдууларын жана аларга запастык бөлүктөрдү кошо алганда башка көмөкчү жабдууларды сатуу жөнүндө тендер жарыялаган. Пайдаланылган техниканы сатуу жөнүндө жарыялар тоо-кен казып алуу секторунда кабыл алынган практикага ылайык, сайтта да жайгаштырылган: www.miningsurplus.com . Бул жабдуу «Кыргызалтын» ААКсына жана Кыргызстанда, Казакстанда жана башка өлкөлөрдө иштеген башка компанияларга да сунушталган..

Үстүбүздөгү жылда компания бир катар компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү жана тендердин жеңүүчүсүн аныктады, ал сатууга коюлган бардык жер астындагы жабдууларды жана калган запастык бөлүктөрдү компания үчүн алгылыктуу баада сатып алууга даяр.

Ошондой эле, компания, эл аралык практикага ылайык, мезгил-мезгили менен алардын ремонту кен ишканасынын шарттарында мүмкүн болбогон кымбат баалуу тоо-кен техникасынын түйүндөрүн калыбына келтирүүгө жана техникалык тейлөөгө ташып чыгаарын да баса белгилейт. Акыркы жолу мындай жөнөтүү ушул жылдын ноябрында “Катерпиллердин” Карагандыдагы сервис борборуна жүргүзүлгөн.

Предыдущая публикация2013-жылдын III кварталынын өндүрүштүк натыйжалары Следующая публикация«Айыл Банкта» Кыргызстандын элет калкын колдоо үчүн «Кумтөр-Чакан» микрокредиттик линиясы ачылды
08.05.2021: 6.92 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 535 620 220 USD
© 2011-2021 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.