Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана “Центерра Голд” компаниясы менен Стратегиялык макулдашуунун алкагында Жаратылышты өнүктүрүү фонду түзүлдү.

Центерра Голд компаниясы фонддун бюджетине бир жолку 57 миллион 400 миң доллар жумшамакчы. Мындан тышкары кошумча жаңы шарттар боюнча жыл сайын табиятты коргоо иш-чараларынын суммасы 3 миллион 700 миң долларды тузүп турат.