БОШ ОРУН ЖАБЫЛДЫ
Милдеттери:
• Компаниянын ишмердүүлүгүнө байланышкан пресс-релиздерди, бюллетендерди жана башка жарыялоолорду жазуу жана редакторлоо;
• Медиа-пландаштыруу (ТВ, Пресса, Радио, Интернет);
• Компаниянын иш чараларын PR-коштоо;
• ММКлардагы жарыялоолорду мониторингдөө;
• Ички корпоративдик долбоорлорду жүзөгө ашыруу.
Квалификациялык талаптар:
• Жогорку билим;
• PR/ММКда 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
• Компьютерде иштөөнүн жакшы көндүмдөрү, (MS Office, Excel, PowerPoint, Photoshop билүү артыкчылык);
• Ишкер кат алышуу, пресс-релиздерди түзүү, макалаларды жазуу ж.б. көндүмдөрү;
• Аткаруучулук, милдеттүүлүк, оперативдүүлүк, маселелерди чечүүгө чыгармачыл мамиле, демилгелүүлүк, баарлашуучулук.
• Кыргыз жана англис тилдерин билүүсү артыкчылык болуп саналат.
Резюмени жана рекомендацияларды 2013-жылдын 20-декабрында саат 17ден кеч эмес, компаниянын Бишкек офисине Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 (“Учкун” АКсы, 10-каб.) дареги боюнча берүү
же “ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмгө” белгиси менен media@kumtor.com электрондук дарегине жөнөтүү керек.
Маектешүүгө көбүрөөк ылайыктуураак талапкерлер гана чакырылат.