“Кумтөр” кен ишканасындагы алтын ылгоочу фабриканы модернизациялоо

“Кумтөр” кен ишканасындагы алтын ылгоочу фабриканы модернизациялоо

Жарыяланган: 23 November 2021

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКка тышкы башкаруу киргизилгенден кийин, “Кумтөр” кенинин фабрикасынын ар кандай участкаларын модернизациялоо боюнча долбоорлор иштелип чыкты жана ишке киргизилди.

“Кумтөр” кен ишканасындагы алтын ылгоочу фабрика (АЫФ) 1996-жылы ишке киргизилген. Ошондон бери Компания жабдууларды сактоо жана алардын пландык ремонту менен алектенген, бирок технологиялар бир жерде өнүкпөй тура берген жок. КГКнын тышкы башкаруучусу Теңгиза Бөлтүрүктүн командасы жеринде абалды изилдеп чыгып, масштабдуу модернизациялоо долбоорун иштеп чыгып, ишке киргизишти. Адистер АЫФтын алдыдагы өзгөрүүлөрүн мини технологиялык төңкөрүш деп атап жатышат. Биринчи кезекте моралдык жактан эскирген флотациялык машиналар алмаштырылат. Жаңы түзмөктөр толук автономдуу болот. Натыйжасында алтынды рудадан ылгап алуу пайызы кыйла жогорулайт. Бийик өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетишкенден тышкары модернизациялоонун максаты айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтуу.

“Өткөн айда 80ге жакын тест жүргүзүлүп, жаңы флотомашиналарды колдонуу аркылуу биз алтын чыгарууну жогорулата аларыбызды, флотациялык байытуу участогунда 96% чамасына жеткире аларыбызды көрсөттү”, – деп түшүндүрөт КГКнын технологиялар боюнча корпоративдик директору Канат Курманов.

Ошондой эле, жакында ишканада технологиялык процесске  жумушчулардан тышкары жасалма акыл көзөмөл жүргүзөт. Акыркы программалык камсыздоо оператордун иш-аракеттерине түзөтүү киргизүү керек болсо айтып көрсөтүп турат. Тарыхый маалыматтарды изилдөөнүн негизинде, программа фабриканын мыкты көрсөткүчтөрүн аныктайт, андан кийин бул маалымат өндүрүштүк циклдин ар бир участкасында алтын чыгарууну жогорулатуу максатында иш учурунда мыктылоолорду киргизүү үчүн колдонулат.

АЫФтын техникалык жаңыртуусу башталган. Жыл аягына чейин кошумча выщелачивание чандарын ишке киргизүү убадаланууда. Ал эми биздин өлкө үчүн уникалдуу башка бир жабдуунун – вертикалдык тегирмендин орнотуу процесси акыркы стадиясында. Бул жабдуулар бирдикте азыраак өндүрүштүк кубаттуулугун колдонуу менен компаниянын алтын өндүрүү пландарын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Компания ошондой эле жумушчулардын өнүгүүсүн каржылайт. АЫФтын бир нече адистер тобу адистиктерин жогорулатуу курстарын Казахстанда өтүп келишти, жакында Москвага барышат.

Бүгүнкү күндө өнүктүрүү процесстери кен ишканасынын башка өндүрүштүк объектилеринде, ошондой эле Балыкчы менен  Бишкекте да ишке киргизилди. Бул чоң иштин бардыгы компаниянын операциондук эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.