28.09.2020: 11.56 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 894 764 414 USD

MITSUBISHI TEMSA SAFIR үлгүсүндѳгү жүргүнчү автобусу

Жарыяланган: 24 May 2019

КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫК
«КУМТѲР ГОЛД КОМПАНИ» MITSUBISHI TEMSA SAFIR үлгүсүндѳгү жүргүнчү автобусун сатуу жѳнүндѳ жарыялайт.

(2009 ж.ч., 52 жүргүнчү орундугуна эсептелген, Туркияда ѳндүрүлгѳн. Кыймылдаткычы– 6 цилиндирлүү, турбодизель, кѳлѳмү 11945 см3, Евро-2 стандартында, 6-тепкичтүү механикалык трансмиссия, кондиционер, салонду жана кыймылдаткычты ѳзүнчѳ (автономдуу) жылытуу системасы бар, жалпы жүргѳн аралыгы 1 000 000 км, абалы жакшы, үзгүлтүксүз түрдѳ пландуу кароодон жана техникалык тейлѳѳдѳн ѳтүп турат). Авто унаа бажы салыктарынан бошотулган.

Унааны, 14:00 – 16:00, иш күндѳрү, 2019 жылдын 27 май айынан 14 июнь айына чейин Ибраимов көч. 24 дарегинде жайгашкан «Кумтѳр Голд Компани» ишканасынын кеңсесинин гаражынан (Элебаев кѳч. менен Лев Толстой көч. кесилишинде, «Учкун» ААК имараты) кѳрсѳңүз болот.

Тиешелүү баа сунуштарын А4 форматындагы, оозу чапталган жана бетинде «Тандоо комиссиясынын тѳрагасына» деп жазылган конверттин ичинде, 2019 жылдын 21 июнь айында, 17:00 чейин, Бишкек шаары, Ибраимов кѳчѳсү 24, «Учкун» ААК имаратынын 10 кабатына жибериңиздер.     

Жогоруда белгиленген мѳѳнѳттѳн кийин жана e-mail аркылуу жиберилген билдирмелер кабыл алынбайт.

Суроолор боюнча КГКнын сатып алуу бѳлүмүнѳ Kumtor.LocalBuyer@centerragold.com электрондук дареги аркылуу кайрылыңыздар.

Телефон аркылуу кеңеш берилбейт.

КГК ишканасы, ар-кайсы билдирменин бүтүнүн же белгилүү бир бѳлүгүн  кабыл алуу же албоо укугун сактайт. Шарттарга туура келген билдирмелерди жиберген талапкерлерге тийиштүү кабар берилет.

Предыдущая публикация«Байланышта», 2019-ж, Май Следующая публикация“ЦЕНТЕРРА ГОЛД” КОМПАНИЯСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН СТРАТЕГИЯЛЫК МАКУЛДАШУУ БОЮНЧА КАБАР БИЛДИРЕТ
28.09.2020: 11.56 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 894 764 414 USD
© 2011-2020 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.