22.04.2021: 9.64 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 746 153 024 USD

ТОО-КЕН ИШТЕРИ БОЮНЧА ТЕХНИК (КУМТӨР КЕНИ)

Жарыяланган: 16 April 2021

КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ

ТОО-КЕН ИШТЕРИ БОЮНЧА ТЕХНИК (КУМТӨР КЕНИ)

убактылуу бош жумуш ордуна сынак жарыялайт

Билдирүүнүн номуру: KGC-21-59

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕР:

  • Скважиналардан сапаттуу үлгүлөрдү алуу;
  • Үлгүлөрдү каттоо жана АЫФнын пробирдик-аналитикалык лабораториясына анализге жеткирүү;
  • Руданы көзөмөлдөөчү техник-геологго күндөлүк жумуштарды аткарууда жана ачык карьердеги руда зоналарынын контурун белгилөөдө жардам берүү;
  • Руданы сорт боюнча туура казып алууну жана кен кампаларына ташууну көзөмөлдөө, майдалагычка бергенде руданын аралашуусун көзөмөлдөө;
  • Маркшейдерлерге күнүмдүк иштерди аткарууда жана беттик, руда запастарын, тек корлорун жана жарылуу блокторун, жардыруу блокторунун чегинен тышкары долбоордук скважиналарды, тоо кашаттарынын долбоордук контурларын маркшейдерлик изилдөө жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга жардам берүү.

 МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • Тоо-кен жана геология жаатындагы жогорку билим жана бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
  • Өндүрүш процесстерин уюштуруу жана тоо-кен технологияларын билүү;
  • Алтын рудасынын кендеринде ыкчам чалгындоо иштерин жүргүзүү методикасын билүү;
  • Тоо-кен программасында билим жана иштөө жөндөмү талап кылынат;
  • Айдоочулук күбөлүктүн болушу.

Анкета жана резюмени 2021-ж. 29 апрелде чейин HR_Kumtor@centerragold.com электрондук почта аркылуу, же 720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 дарегине («Учкун» АК, 10 этаж), же КГКнын региондогу кеңселерине (г. Каракол, г. Балыкчы) тапшырсаңыз болот.

Анкетаны бул жерден жүктөп алсаңыз болот.

Анкетада билдирменин төмөнкү номерин көрсөтүү зарыл: KGC-21-59.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.

Предыдущая публикацияВЕБ ПРОГРАММИСТ Следующая публикацияТЕХНИК-МЕТАЛЛУРГ (КУМТӨР КЕНИ)
22.04.2021: 9.64 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 746 153 024 USD
© 2011-2021 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.