Вакансия жабык
“КУМТОР ГОЛД КОМПАНИ” убактылуу бош орунга сынак жарыялайт
МЕТРОЛОГ (БИШКЕК)
Билдирүүнүн номуру: BI-20-01
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕР:
- КГКдагы ченөө каражаттарын каттоо, сыноо, текшерүү иштерин жүргүзүүнү жана колдонууну камсыздоо;
- Ченөө каражаттарын текшерүү, оңдоо жана калибрлөө иштерин уюштуруу (ошондой эле метрологиялык документацияны иштеп чыгуу;
- Ыкмалардын жана ченөө каражаттарынын мыйзам талаптарына жооп берүүсүн көзөмөлдөө;
- Метрологиялык экспертизаларды жүргүзүү;
- Ишкананын баардык керектүү ченөө каражаттары менен жабдылуусун көзөмөлдөө;
- Ченөө каражаттарынын эсебин жүргүзүү.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- «Метрология жана стандартизация» адистиги боюнча жогорку техникалык билим;
- Адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес эмгек тажрыйба;
- MS Office мыкты деңгээлде билүү;
- Мыкты аналитикалык жөндөм, жоопкерчилик, командада иштөөнүн мыкты жөндөмдөрү, стресске туруктуулук жана коммуникативдик жөндөмдөрүнүн болушу.
Анкета жана резюмени 2020-ж. 10 марты саат 16:00-чейин HR_Kumtor@centerragold.com электрондук почта аркылуу же 720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 («Учкун» АКнун имараты, 10-кабат) дарегине, же региондогу КГКнын кеңселерине (Каракол ш., Балыкчы ш.) тапшырсаңыз болот
Анкетаны бул жерден жүктөп же жогоруда берилген даректен алсаңыз болот
Анкетада билдирменин төмөнкү номерин көрсөтүү зарыл: BI-20-01
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ