КГКнын тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Кызматташууга кошкон салымы үчүн” медалы менен сыйланды

КГКнын тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Кызматташууга кошкон салымы үчүн” медалы менен сыйланды

Жарыяланган: 19 November 2021

Жыл сайын 10-ноябрда белгиленген дүйнөлүк илим күнүнүн урматына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда салтанаттуу иш-чара өткөрүштү. Жыйынга мамлекеттик органдардын жетекчилери, КР Улуттук илимдер академиясынын алдыңкы окумуштуулары, жогорку окуу жайлардын ректорлору жана илимий-изилдөө мекемелеринин директорлору катышты.

​Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз илимине олуттуу салым кошкон окумуштуулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн сыйлыктарды алышты.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин атынан “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын тышкы башкаруучусуна “Кызматташтыкка кошкон салымы үчүн” медалы ыйгарылды.

Өзүнүн сөзүндө КГКнын тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк Кыргызстандын окумуштууларын кесиптик майрамы менен куттуктап, билим берүү жана илим бул заманбап дүйнөдөгү ийгиликке жетишүүнүн негизи болгондугун жана мамлекеттик маселелерди чечүүнүн күчтүү фактору экендигин белгиледи.

“Баардыгыбыз Кыргызстаныбызды өнүккөн жана өркүндөгөн өлкөгө айланткыбыз келет.  Мунун жолу – сапаттуу жана заманбап билим берүүдө, колдонмо илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүдө.  Ошондуктан, биз, Кумтөр бул маанилүү ишке салмактуу салым кошо алат жана салым кошушу керек деп эсептейбиз. Биздин койгон максатыбыз бул улуттук билим берүү жана илимди өнүктүрүү максатында келечектүү багыттарды аныктоо үчүн Кыргызстандын интеллектуалдык потенциалын, биздин чет элде жашаган мекендештерибизди, жана ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөрдү бириктирүү. Бул максатка жетүү үчүн жакында эле биз “Кыргызстанда билим берүүнү жана илимди өнүктүрүү перспективалары” темасында эл аралык форумду өткөрдүк. Өндүрүш, илим жана билим берүү тармагында бириккен өнөктөштүк өнүгүп жана бекемдейт деп ишенем”, – деди Теңгиз Бөлтүрүк.

Жакынкы арада өлкө президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен билим берүүнү жана илимди өнүктүрүү боюнча коомдук фонд түзүү пландаштырылууда экени белгиленди.