Вакансия жабык
Билдирүүнүн номуру: KS-20-10
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕР:
- Атайын чиймелердин негизинде, тетиктерди иштетүү, кесүү жана жонуу боюнча иш тапшырмаларын аткаруу;
- Станоктордун, жабдуулардын жана аспаптардын техникалык абалын кѳзѳмѳлдѳѳ;
- Металлдарды иштетүү учурунда техникалык шарттарды жана параметрлерди коргоону жана жумушту аткаруу учурунда коопсуздук техникасын сактоону камсыз кылуу.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Адистик боюнча билим алгандыгын тастыктаган диплом/сертификат;
- Токардын кесибин билүү;
- Токардык иштерди аткаруу учурунда колдонулган станоктордун, жабдуулардын жана аспаптардын техникалык характеристикаларынын негиздерин билүү;
- Атайын чиймелердин негизинде тетиктерди иштетүү, кесүү жана жонуу боюнча иш тапшырмаларын аткарабилүү;
- 3 жылдан кем болбогон кесиптик тажрыйбага ээ болуу;
- Жоопкерчилик, тыкандык, жогорку ѳз-ара баарлашуу кѳндүмдѳрүнѳ ээ болуу жана коллектив ичинде иштейбилүү.
Анкета жана резюмени 2020-ж. 21-февралы саат 16:00-чейин HR.Kumtor@centerragold.com электрондук дарегине же 720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 («Учкун» АКнун имараты, 10-кабат) дарегине, же региондогу КГКнын кеңселерине (Каракол ш., Балыкчы ш.) тапшырсаңыз болот.
Анкетаны бул жерден жүктөп же жогоруда берилген даректен алсаңыз болот.
Анкетада билдирүүнүн кийинки номерин көрсөтүү зарыл: KS-20-10
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ