Кабыл алуу жабык
2022-жылы Кыргызстанда «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингдик компания ишин баштаганы турат.
Буга байланыштуу логотиптин эң мыкты дизайны үчүн сынак жарыяланат жана Сиздерди бул сынакка активдүү катышууга чакырабыз!
Эң мыкты логотип холдингдин расмий логотибине айланат.
Логотип көчмөндөрдүн кайталангыс дүйнө таанымын, үрп-адатын жана каада-салтын чагылдырган чыгармачыл, креативдүү элементтерди камтышы керек. Ошондой эле эл аралык тажрыйбаны колдонуу аркылуу экономикалык тармактар менен жер казынасын пайдалануу багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстар топтолуучу уникалдуу интеграцияланган структурага айлана турган холдингдин негизги максаттарын жана милдеттерин чагылдыруу зарыл.
Өз вариантыңардагы логотиптерди KGC.Media@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтсөңөр болот.
Сынактын жеңүүчүсү жакшы суммадагы акчалай сыйлыкка ээ болот.
Дедлайн 2022-жылдын 1-февралына чейин.