ТЕНДЕР ЖАБЫК
Кумтѳр Mitsubishi Temsa Prestij үлгүсүндѳгү жүргүнчү автобусун сатуу жѳнүндѳ жарыялайт.

(Жарыядагы унаа 2010 ж. чыгарылган, 31 жүргүнчү орундугуна эсептелген, Туркияда ѳндүрүлгѳн. Кыймылдаткычы – 4 цилиндирлүү, турбодизель, кѳлѳмү 4000см3, Евро-2 стандартында, 5-тепкичтүү механикалык трансмиссия, кондиционер, салонду жана кыймылдаткычты ѳзүнчѳ (автономдуу) жылытуу системасы бар, жалпы жүргѳн аралыгы 150 000 км, абалы абдан жакшы, үзгүлтүксүз түрдѳ пландуу кароодон жана техникалык тейлѳѳдѳн ѳтүп турат).

Авто унаа азыркы учурда бажы салыктардан бошотулган.

Унаанын сүрѳтүн бул жерден кѳрсѳңүз болот.

Унааны, 8:00 – 17:00, жумуш күндѳрү, 7 августан 20 августка чейин «Кумтѳр Голд Компани» ишканасынын, Ибраимов кѳчѳсү 24 (Кулатов кѳч. кесилишинде, «Учкун» ААК имараты) дарегинде жайгашкан Бишкектеги кеңсесинен кѳрсѳңүз болот.

Тиешелүү баа сунуштарын А4 форматындагы, оозу чапталган жана бетинде «Тандоо комиссиясынын тѳрагасына» деп жазылган конверттин ичинде, 2015 жылдын 5 август, 17:00 чейин, Бишкек шаары, Ибраимов кѳчѳсү 24, «Учкун» ААК имаратынын 10 кабатына жибериңздер.

Жогоруда белгиленген мѳѳнѳттѳн кийин жана e-mail аркылуу жиберилген билдирмелер кабыл алынбайт.

Суроолор боюнча КГКнын сатып-алуу бѳлүмүнѳ Kumtor_localbuyer@kumtor.com электрондук дареги аркылуу кайрылыңыздар.
КГК ишканасы, ар-кайсы билдирменин бүтүнүн же белгилүү бир бѳлүгүн кабыл алуу же албоо укугун сактайт. Шарттарга туура келген билдирмелерди жиберген талапкерлерге тийиштүү кабар берилет.