ТЕНДЕР ЖАБЫК

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу Митсубиси Темса Сафир үлгүсүндөгү 1 даана жүргүнчү автобусун сатууну көздөйт.

Спецификациялары:

• Чыгарылган жылы – 2005 ж.
• Отургучтардын саны – 44
• Өндурүүчү өлкө – Түркия
• Кыймылдаткыч – 6-цилиндр, турбо-дизель
• Кыймылдаткычтын сыйымдуулугу – 11 945 см3
• Стандарт – Евро-2
• Трансмиссия – механикалык, 5-кадамдык
• Кондиционер
• Салон жана кыймылдаткыч үчүн өзгөчө жылыткыч бар
• Жүргөн аралык – 980 000 км
• Абалы – учурдагыдай; кезектеги текшерүүлөрдөн жана тейлөөдөн өттү

*** Авто-унаа бажы жайымдарынан жана салыктардан бошотулган.

Авто-унааны 2016-ж. 19-февралдан 4-мартка чейин иш күндөрү саат 8:00-дөн 17:00-гө чейин Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 дарегинде жайгашкан «Кумтөр Голд Компани» ЖАКунун башкы кеңсесинин унаа токтотуу жайында көрүп текшерсе болот. Баа сунуштары, оозу чапталган, үстүндө “Тандоо комиссиясынын төрагасына” деп жазылган, А4 форматындагы конверттин ичинде, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24, “Учкун” АКнун имараты, 10 кабат, адресине жиберилүүсү зарыл. Аталган сунуштар 4-март 2016 ж., саат 17:00-гө чейин кабыл алынат.
Берилген убакыттан кийин жана электрондук адреске жиберилген сунуштар кабыл алынбайт.

Бардык суроолор боюнча кызыкдар тараптар КГКнын сатып-алуу бөлүмүнө, Kumtor_localbuyer@kumtor.com электрондук адреси аркылуу кайрылса болот.

КГК келип түшкөн сунуштарды толугу менен же болбосо бөлүгү менен четке кагуу укугуна ээ.
Ылайыктуу сунуштарды тапшырган талапкерлер кабарланат.