«Кумтɵр Голд Компани» ЖАКы Кыргыз Республикасынын курчап турган чɵйрɵнү коргоо маморгандары менен соттук териштирүүлөр Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнүн булганычы үчүн кошумча тɵлɵм жана жыйымдарды мыйзамсыз талап кылуусуна байланышканын билдирет

«Кумтɵр Голд Компани» ЖАКы Кыргыз Республикасынын курчап турган чɵйрɵнү коргоо маморгандары менен соттук териштирүүлөр Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнүн булганычы үчүн кошумча тɵлɵм жана жыйымдарды мыйзамсыз талап кылуусуна байланышканын билдирет

Жарыяланган: 14 June 2016

Бүгүн «Кумтɵр Голд Компани» ЖАКы (КГК) Кыргыз Республикасынын курчап турган чɵйрɵнү коргоо боюнча маморгандарынын доолору маӊызында Кыргыз Республикасынын «Кумтɵр» долбоору боюнча кошумча жыйымдар менен тɵлɵмдɵрдү киргизүү аракети деп билдирди. «Кумтɵр» долбоору ишмердүүлүгүн курчап турган чɵйрɵнү коргоо боюнча кыргыз жана эл аралык стандарттардын негизинде жүргүзөрүн көз карандысыз эл аралык эксперт-экологдор, анын ичинде экология суроолору боюнча Кыргыз Республикасынын кеңешчиси эл аралык АМЕС компаниясы да тастыктаган.

Мисалы, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (ЭТКМИ) 6 698 878 290 сом суммадагы (болжол менен 98,4 млн. АКШ доллары) доо арызында КГК 2000 – 2011-жж. бош текти тɵгүндүлɵр жайында жайгаштыруу үчүн тɵлɵм аткарган эмес имиш жана бул фактыны бир да КРдин мамлекеттик органы билген эмес деп айтылат. Иш жүзүндɵ болсо, мындай заттарды бош тектин тоо-кен тɵгүндүлɵрүнɵ жайгаштыруу долбоор иштеп баштаганы жыд сайын Кыргыз Республикасынын бардык профилдик маморгандары тарабынан бекитилип, санкцияланган, жана ыйгарым укуктуу органдар эч качан бош текти тоо-кен төгүндүлөрүнө жайгаштыруу үчүн акы төлөөнү талап кылган эмес. ЭТКМИнин доо арызында КГК мындай заттарды жайгаштырганы үчүн тиричилик калдыктарды жайгаштыруу тарифтери боюнча акы тɵлɵөнү талап кылууда.

Мына ушундай эле ыкмада Курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (КТЧКжТЧМА) да доо арызында Кумтɵр Кайра каралган инвестициялык макулдашууда (2009-ж.) белгиленген экологиялык тɵлɵмдɵн да ашкан, кошумча экологиялык жыйымдарды карыз деп, 15 004 297 963 сом (болжол менен 220 млн. АКШ доллары) суммада экологиялык зыяндын ордун толтурууну талап койду. Кумтөр тарабынан экологиялык жыйымдарды төлөөдө долбоор иштеп баштаганы жылыга ыйгарым укуктуу органдарынан санкция албай же бекитилбей жасалган бир да аракет болгон эмес.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын доо арыздары анда «Кумтɵр» долбоору үчүн милдеттүү бардык салыктардын, тɵлɵмдɵрдүн жана которуулардын толук тизмеси кɵрсɵтүлгɵн Кайра каралган инвестициялык макулдашуунун (2009-ж.) шарттарына карама-каршы келет, жана анда атайын белгиленген ушул салыктардан, тɵлɵмдɵрдɵн жана которуулардан тышкары, Кумтɵр «Кыргыз Республикасы же КРдин башка мамлекеттик, аймактык, муниципалдык, жергиликтүү же административдик органы тарабынан ар кандай мүнɵздɵгү бардык башка учурдагы жана болочок… салыктарды, жыйымдарды, алымдарды, роялтини, кемитүүлɵрдү же ар кандай мүнɵздɵгү башка которууларды кармап калуу боюнча милдеттенмелерди тɵлɵɵдɵн бошотула» тургандыгы баса белгиленген. Демек, Кайра каралган инвестициялык макулдашуунун (2009-ж.) өзүндө «Кумтɵр» долбоору боюнча кандайдыр-бир жаӊы же кошумча салыктарды, тɵлɵмдɵрдү же жыйымдарды киргизүүгɵ тыюу салуу камтылган.

Бишкек ш. райондор аралык соту ЭТКМИнин доо арызын канааттандырды жана жакын арада ал КТЧКжТЧМАнын доо арызын карамакчы. Центерра жана КГК Кыргыз Республикасынын доо арыздары боюнча Кыргыз Республикасынын сотторунда жана эл аралык арбитражда талашка түшүп, өз таламын талашууну улантмакчы.