«Кумтөр» компаниясы технологиялык трассада мониторингдин жаңы түрүн киргизди

«Кумтөр» компаниясы технологиялык трассада мониторингдин жаңы түрүн киргизди

Жарыяланган: 22 August 2014

«Кумтөр» компаниясы кен ишканасына алып баруучу технологиялык трассада мониторингдин жаңы түрүн баштады. Узундугу 90 км. болгон трасса Жети-Өгүз- районунун Барскоон айылы аркылуу өтөт.

Көз карандысыз эксперттердин, коомдук экологиялык уюмдун өкүлдөрүнүн, ошондой эле жаштардын «Жашыл-Ой» эко-лагеринин катышуучуларынын көмөгү менен трассаны бойлой өлчөөчү приборлордун эки түрү орнотулду. Биринчи прибор – автоматташтырылган эсептегич, ал өтүп жаткан машиналардын саны, алардын габариттери, ошондой эле алардын кыймылынын багыты боюнча маалыматтарды чогултат. Экинчи түрү – чаң кармагычтар. Бардык 40 чаң кармагычтан чаңды алуу эки багыт: чаңдын курамынын анализи жана оор металлдардын курамы боюнча жүргүзүлөт.

Изилдөөлөрдүн ачыктыгын камсыз кылуу үчүн жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү тартылмакчы. Бул приборлор «АМЕС» эл аралык консалтинг компаниясынын рекомендациясы боюнча орнотулган, ал компания «Центерра» менен сүйлөшүүлөр процессинде Өкмөткө экология маселелери боюнча консультация берген.

«Жүргүзүлүүчү иштердин максаты – чаңдын курчап турган чөйрөгө таасиринин деңгээли жөнүндө илимий тастыкталган маалыматтарды алуу. Бардык натыйжалар жана өлчөөлөр ай сайын «Alex Stuart» көз карандысыз лабораториясына жөнөтүлөт. Маалыматтарды алганыбыздан кийин, алардын негизинде негизделген тыянактарды чыгарууга жана зарыл чараларды көрүүгө болот», – деди «Кумтөр Голд Компанинин» туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Дуглас Гриер.