КГКнын 2021-жылдын 23-сентябрындагы расмий билдирүүсү

КГКнын 2021-жылдын 23-сентябрындагы расмий билдирүүсү

Жарыяланган: 23 September 2021

Акыркы мезгилде айрым массалык маалымат каражаттары, кээ бир саясатчылар, депутаттар жана социалдык тармактардагы “диван эксперттери” “Кумтөр Голд Компани” ЖАКынын ишмердүүлүгүн чоң талкууга алышты. Компаниянын басма сөз кызматы “Кумтөрдүн” ишмердүүлүгү тууралуу маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда дээрлик күн сайын текст жана видео түрүндө толук маалымат бергенине карабастан, карама-каршы, кээде  агрессивдүү маанайдагы билдирүүлөр болууда. Айрым саясатчылар менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү коомчулукка карандай калп жана туура эмес маалыматтарды таратуу менен упай топтоого ыңгайлуу болгон бул “ысык тема” аркылуу өздөрүнүн баа-баркын көтөрүүгө аракет кылып жаткандай сезилүүдө. Кырдаалдын мындай өнүгүшү албетте “Центерра” үчүн да,  айрым кызыкдар тараптар үчүн да пайдалуу. Депутаттар боюнча айтсак, баары айдан-ачык түшүнүктүү. Алар ушундай популисттик билдирүүлөрү менен арзан кадыр-барк топтоп, эртеңки шайлоого даярданышууда. Эсиңиздерге сала кетсек, “Кумтөр” – бул саясат эмес, өндүрүш жана бул теманын өзгөчөлүгүн терең билбей туруп, ар кандай божомолдорду айта берүү кооптуу. Добуш топтоонун эң ыңгайлуу жана натыйжалуу жолу – бул эл өкүлү катары жасаган ишиңердин жыйынтыгын элге айтып берүү. Ал эми конструктивдүү суроолорго биз жооп берүүгө дайым даярбыз:

  1. “Кумтөрдүн” алтынын сатууга байланыштуу маселе боюнча, алтынды кайра иштетүүчү фабриканын акыркы продуктусун – алтын, күмүш, жез жана башка кошулмалары бар Доре эритмесин алуу, аны тазалоо жана андан ары алтын менен күмүштү экспорттоо “Кыргызалтын” ААКсы тарабынан ишке ашырылат. Бул жагы “Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн алтын менен күмүштү сатуу жөнүндө келишимде каралган.
  2. Теңиз Аяпбергенович Бөлтүрүк боюнча айтсак, Убактылуу сырткы башкаруучунун милдети – иштин таасир этүү зонасында иштеген же жашаган адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздуктун талаптарын бузууларды четтетүү үчүн коомдун ыйгарым укуктуу органы тарабынан зарыл болгон чаралар көрүлбөгөн шартта юридикалык жактын үзгүлтүксүз өндүрүштүк, экономикалык жана башка ишин камсыз кылуу болуп саналат. Сырткы башкаруучу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругу менен дайындалат. Убактылуу сырткы башкаруучуну дайындоо Тартибине ылайык, КГКнын убактылуу сырткы башкаруучусу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга ай сайын компаниянын иши жөнүндө отчет берет. Мында ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду.

Эгерде депутаттар КГКнын Убактылуу сырткы башкаруучусунун отчетун уккусу келсе, анда алар бул маселени Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуусу керек жана ошол учурда гана отчет берилет. «Кумтөр Голд Компани» ЖАКы ар бир депутатка өзүнчө отчет берүүгө милдеттүү эмес. Эскерте кетсек, “Кумтөр Голд Компани” – бул соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан стратегиялык объект, ошондуктан мыйзамга ылайык, биз таратууга укугубуз жок жашыруун маалыматтар да бар.

  1. “Кыргызалтын” ААКсынын “Good Delivery List” ишенимдүү жеткирүүчүлөр тизмесинен чыгып калышы убактылуу маселе. Убактылуу четтетүүнүн негизги себеби – “Stone X” компаниясынын чыгымдарын жабуу боюнча жарандык-укуктук доосуна байланыштуу. Маселени тынчтык жолу менен чечүү мүмкүндүгүн «Stone X» өз кайрылууларында эки жолу билдирген. Жакын арада күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөр кырдаалды жөнгө салууга мүмкүндүк берет жана «Кыргызалтын» ААКсына ишенимдүү жеткирүүчү макамы кайтарылат.

Бул чечим (убактылуу четтетүү боюнча), “Кыргызалтын” ААКтын алтын сатуу укугун чектебейт, Кыргыз Республикасынын суверендүү укуктарын да чектебейт жана ошондой эле эч кандай субъектке баалуу металлдар рыногундагы көптөгөн эл аралык платформалардын алкагында\биржалар\рынокторундагы экинчи соодадан Кыргыз Республикасынан алтын сатып алууга тыюу салбайт (Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынан тышкары).

  1. Башка маселелер боюнча кенге барып келген “Кумтөр биримдиги” профсоюзунун төрагасы Рамис Мамбеталиевдин маалыматын сунуштайбыз.

“Акыркы күндөрү маалымат каражаттарында “Кумтөр Голд Компанинин” профсоюз уюмунун төрагасына кенге барууга тыюуу салынды деген маалымат жарыяланып, “эмнеге андай болду” деп көпчүлүк менден сурап жатышат.

“Кумтөрдө” көпчүлүктүн демилгеси менен түзүлгөн элдик профсоюз бар. Анын түзүлгөнүнө 23 жыл болду. 2 миңге жакын мүчөсү бар. Бул уюм өз тарыхында укук жана эркиндик үчүн талыкпай күрөшүп келген жана бир нече иш таштоолорду да уюштурган. Уюмдун жылдан жылган күч алып баратканын сезип, канадалыктар 2014- 2016 – жылдары аны 5ке бөлгөнгө жетишкен. Акыркы профсоюз болуп КГК уюму анын жетекчиси Калыс Рыспаев бөлүнүп кеткен. Ал эми “кысымга кабылдым, мага кенге чыгууга тыюуу салынды деп жаткан” Калыс Рыспаев жетектеген профсоюз уюмунда жүздөй адам бар.

Анын кенге жана “КГКнын” баардык объектилерине кирүүсүнө тыюу салынышы туура болгон. Себеби, ал “Кумтөр” кени мамлекетке өтүп жатканда, канадалыктардын таламын талашып, “забастовка кылганы жатабыз, даярдангыла” – деп кызматкерлерди мыйзамсыз аракеттерге үгүттөөгө аракет кылган. “Жаңы жетекчилик эми иштен кетирет, айлыгыңарды кыскартат” – деп жумушчуларга туура эмес, тескери маалыматтарды таратканы да белгилүү.

Кендин иши токтосо, компанияга гана эмес, бүтүндөй мамлекетке эбегейсиз чыгым келтирилмек. Кудайга шүгүр, “Кумтөрдүн” кызматкерлеринин дээрлик баардыгы кенге тышкы башкаруунун киргизилишин туура көрүп, бүтүн ишти бүлдүрүүгө чакырган азгырыктарга макул болгон жок.

Жетекчилик эмгек акы, коопсуздук, социалдык камсыздоо ж.б. маселелерди өз убагында, сапаттуу ишке ашырууга милдеттенме алган. Биздин дагы өз милдеттенмелерибиз бар. Эмгекчилердин укугун коргоо менен бирге ишти үзгүлтүккө учуратуучу жагдайларга жол бербөө, туура эмес, жалган маалыматтарды таркатпоо ж.б.

Калыс Рыспаев бул милдеттенмесин аткаруудан баш тартып, жеке кызыкчылыгы, жеке амбициясы үчүн кызматкерлерди туура эмес иштерге үгүттөөгө аракет кылган. Учурда “Кумтөр Голд Компанидеги” баардык кызматкерлердин укуктары толугу менен корголуп, мурдагыдан да мыкты эмгек шарттары түзүлүүдө. Учурда “Кумтөрдөгү” 4 профсоюз “Кумтөр Биримдиги” деген бир профсоюзга биригип жатабыз.

Эмгек жамаат ушундай тарыхий учурда биримдигин көрсөтүп, жетекчилик менен кызматкерлер бир бүтүн команда болуп, иш өз нугу менен уланууда. Тышкы башкаруучу Теңиз Бөлтүрүк мырзанын жеке демилгеси менен жакында эле өткөрүлгөн ачык асман алдындагы тимбилдинг кызматкерлердин ич ара ынтымагын мындан дагы бекемдеп койду. Учурда “Кумтөр Голд Компаниде” кызматкерлер айлык акысын өз убагында, толук өлчөмдө алуу менен, баардык социалдык төлөмдөрү төлөнүп, эмгек шарттарына эч кандай нааразычылык жок”.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКы дагы бир жолу Компаниянын атын ыплас саясий технологияларда колдонбоону суранат жана кенге сырткы башкарууну киргизүү зарылдыгы болгонун эскертет. Бардык иштер мамлекеттин жана Кыргызстан элинин кызыкчылыгы үчүн гана жасалууда.