БОШ ОРУН ЖАБЫЛДЫ
Такшалма программасына катышууну каалайсызбы?
Жогорку окуу жайларында алган билимиңизди, шыгыңызды жана кѳндүмдѳрүңүздү иш жүзүндѳ колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгуңуз келеби?
Кумтѳр Голд Компани ишканасында, ѳзүңүздүн адистигиңиз боюнча баалу иш тажрыйбасына ээ болгуңуз келеби?
Биз IT жана Экономика тармактарында билим алган бүтүрүүчүлөрдү издеп жатабыз.
Такшалма программасы 2 жылга эсептелген
• Өзүӊүздүн адистигиӊиз боюнча кесибиӊизди иш жүзүндө өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк аласыз
• Ишкананын башка бөлүмдөрүнүн иши менен таанышып, дүйнөлүк класстагы өндүрүштүк ишканалар кандай иштегенин жакшы түшүнөсүз
• Долбоорго катышып, өзүӊүздүн квалификацияӊызды жогорулатып аласыз
ТКЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕР:
• Компаниянын ар кандай бөлүмдөрү үчүн бизнес жараяндарын түзүү жана жакшыртуу менен байланышкан аркыл тапшырмаларды аткаруу;
• Долбоорлорго таандык документтерди иштеп чыгуу жана аларды жүргүзүү;
• Бардык талаптарды аныктоо максатында колдонуучулар менен иштешүү;
• Долбоорду бардык мерчимдердин тийиштүү баскычтарынан өткөрүп, илгерилетүү жана жүргүзүү.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
• IT жана Экономика тармактарында жогорку билимге ээ болуу;
• Англис тилин мыкты деӊгээлде билүү (жазуу жана ооз эки түрүндө);
• Демилгелүүлүк жана жаӊы нерселерди үйрөнүүгө ыктыярдуу болуу;
• Тыкандык, команда ичинде иштейбилүү;
• Office 365, Share Point программаларын жакшы билүү артыкчылык болуп саналат.
Жогоруда көрсөтүлгөн минималдуу талаптарга жооп берсеңиз, анкета жана резюмеңизди 2017-ж. 20 октябрь саат 16:00 чейин HR_Kumtor@kumtor.com дарегине электрондук почта аркылуу же 720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 («Учкун» ААКу, 10-кабат) дарегине тапшырсаңыз болот.
Анкетаны жана резюмени электрондук почта аркылуу тапшырганда, каттын темасында билдирменин номерин/кызмат ордун жазышыңыз абзел.
Анкетаны бул жерден алсаңыздар болот.
* электрондук каттын темасында сѳзсүз түрдѳ «Такшалма программасы» деп жазылышы керек.
Маектешүүгѳ, эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат