Ысык-Көл облусун өнүктүрүү долбоорлору

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү долбоорлору

Жарыяланган: 09 October 2018

Жөнөкөй эсептөөлөр боюнча Ысык-Көл облусунда чакан насыя агенттиктердин жардамы аркылуу соңку 12 жыл ичинде, 5 миңге жакын жумуш орундары түзүлгөн. “Кумтөр” ишканасынын каражатына ачылган каржы уюмдарынын насыялары жеңилдетилген шартта жана эң төмөнкү пайызда берилүүдө. Алардын башкы максаты кошумча киреше алуу эмес, аймактарды өнүктүрүүгө шарт түзүү болуп саналат.