Ысык-Көлдө карагаттын жаңы сортторун отургузушмакчы

Ысык-Көлдө карагаттын жаңы сортторун отургузушмакчы

Жарыяланган: 28 May 2013

Өткөн жума күнү Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында “Карагат+” долбоорунун катышуучулары карагаттын жана бүлдүркөндүн Польшадан алынып келген жаңы сортторунун алгачкы көчөттөрүн алышты.

Көчөттөр Барскоон, Түп, Ананьев, Бөкөнбаев, Челпек, Кызыл-Суу, Тору-Айгыр айылдарында жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан кесиптик лицейлердин, питомниктердин жана өкмөттүк эмес уюмдардын арасында бөлүштүрүлдү. Жалпысынан 5 миңден ашуун көчөт таратылды.

Үч жылдык “Карагат+” долбоору “Кумтөр” компаниясынын финансылык колдоосу астында “Авеп” коомдук фонду тарабынан жүзөгө ашырылууда. Долбоор үстүбүздөгү жылдын апрелинде ишке киргизилген. “Карагат+” фондунун ишмердүүлүгү жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө жана мөмө-жемиш рыногунун потенциалын кеңейтүүгө багытталган. Жүзөгө ашырылуу территориясы – түштүк жээгине басым жасалуу менен Ысык-Көл областы.

[flashvideo filename=wp-content/uploads/2013/05/27_05_OTRK_Karagat_KG.flv image=”https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2013/05/screenkaragat.jpg” /]