Ысык-Көл областынын Саруу айылында “Кумтөрдүн” финансылоосу менен спортзалдын ремонту толук кандуу жүрүүдө

Ысык-Көл областынын Саруу айылында “Кумтөрдүн” финансылоосу менен спортзалдын ремонту толук кандуу жүрүүдө

Жарыяланган: 26 August 2013

Местная подрядная организация ОАО "Саруу курулуш" приступила к ремонту спортзала в середине июля сего года.Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Саруу айылында Садык Сыдыков атындагы орто мектептин спортзалында ремонт иштери толук кандуу жүрүүдө. Мурда билдирилгендей, үстүбүздөгү жылдын июлунда “Кумтөр” компаниясы Саруу айылынын бийликтери менен жашоочуларынын мектептин спортзалын капиталдык ремонт жүргүзүүгө жардамдашуу кайрылуусуна жооп кылып, бул максатка өз бюджетинен 1,8 млн. сом бөлгөн. Миөдей бала окуган жана областтык жана райондук деөгээлдердеги спорттук мелдештер өткөрүлгөн мектептин спортзалында капиталдык ремонт 1978-жылы мектеп негизделгенден бери жүргүзүлбөгөн.

Жергиликтүү подряддык уюм – “Саруу курулуш” ЖЧКсы – спортзалдын ремонтуна ушул жылдын июлунун ортосунда киришкен. Спортзалды калыбына келтирүү эшик-терезелерди жана электр өткөргүчтөрүн алмаштыруудан башталды. Бүгүнкү күндө спортзалдын дубалдары жана шыбы толук ремонттолду, заманбап жылытуу системасын орнотуу башталды, жакынкы мезгилде жарыктандырууну жана спорттук конструкцияларды алмаштыруу башталат, андан кийин эски жыгач полду алып салуу жана жаөы полдук каптоону төшөө жүргүзүлмөкчү.

«Биз мындай масштабдуу ремонт үчүн “Кумтөр” компаниясына ыраазыбыз. Биздин спортзалда спорттук мелдештерди өткөрүүгө мүмкүн болбой калган – пол чайпалып, айрым жерлери сынып, кышында өтө суук болгон. Курулушчулар ремонтту жаөы окуу жылынын башталышына карата бүтүрө албай калышса да, суук түшкөнгө чейин биздин тарбиялануучулар ачык абада спорт менен алектенишмекчи. Ноябрдын башталышында мектеп окуучулары жаөырган жылуу спортзалдын ыөгайлуулуктарын баалай алышат», – деп белгиледи мектеп директору Замир Абдыразаков.