Экономиканын реалдуу сектору

Экономиканын реалдуу сектору

Жарыяланган: 12 June 2015

Кыргызстан экономикасынын локомотиви тоо-кен өндүрүшү. Анын жалпы өндүрүштөгү үлүшү 24 пайызга жетип, анын басымдуу көпчүлүгүн алтын өндүрүүчү гигант – Кумтөр камсыздайт. Кыргызстан экономикасына саясаттын терс кийлигишүүсү кадимки көрүнүшкө айланды. Бул дагы бир жолу Жогорку Кеңеш мөңгүлөр жайгашкан аймактагы өндүрүштүн ишин кескин регламентке салган Суу Кодексине өзгөртүү киргизүүнү талкуулаганда көрүндү.