ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 18 February 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Долбоордук бөлүмүндө (гидротехник-гидроэнергетик) эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар:

  • “Гидротехникалык курулуш”, “Гидроэнергетика объектилерин куруу”, “Гидроэнергетика”, “Гидроэлектростанцияларынын жабдуулары”, “Энергетика объектилерин башкаруу” багыттарынын бири боюнча жогорку билимге ээ болуу (ЖОЖду 2021-жылы бүтүрүү);
  • ПКда иштей билүү, MS Office программаларын (анын ичинде Visio Project), 1С делопроизводство же анын аналогдорун, 1C УПП же аналогдорун, AutoCAD жана Primavera (артыкчылык) программаларын билүү;
  • Натыйжалуу байланыш түзүүгө (коммуникация) жөндөмдүү болуу;
  • Позитивдүү ой жүгүртүү;
  • Иш сапарларга мүмкүн болушунча даяр болуу;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык, тартиптүүлүк жана стресске туруктуулук;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Долбоорлорду уюштурууга жана башкарууга байланыштуу маселелерди изилдөө жана түшүнүү;
  • Гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн керектүү материалдарды даярдоо;

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү-2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек
  • Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн: 

Төмөндөгү шилтемеге өтүп, анкетаны толтурууга жана керектүү докуметтерди тиркөөго болот. Анкетаны толтуруу, 2022 жылдын 9 март, саат 17.00гө чейин мүмкүн.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.