Караколдогу IT Академияда тогуз айлык окууну ийгиликтүү аяктаган 12 студентке сертификат тапшыруу салтанаттуу аземи 2021-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында өттү. Алардын баары Front-End кенже иштеп чыгуучусу кесибине ээ болушту.
“Steps to Success” коомдук бирикмесинин директору Салтанат Еркимбаева Ысык-Көл облусунун жаштарын программалоого окутуу долбооруна колдоо көрсөткөнү үчүн “Кумтөр” компаниясына ыраазычылык билдирди.