27.11.2020: 9.51 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 736 090 794 USD

ЖОЖ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 22 April 2016

БОШ ОРУН ЖАБЫЛДЫ

Такшалма программасына катышууну каалайсызбы?
Университетте алган билимди, көндүмдөрдү жана жөндөмдөрдү иш жүзүндѳ колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну каалайсызбы?
«Кумтөр Голд Компани» ишканасында өз адистигиңиз боюнча жумуш тажрыйбасын алууну каалайсызбы?

Такшалма программасы 2 жылга эсептелген. Бул убакыттын ичинде, ѳзүңүздүн адистигиңиз боюнча кесибиңизди иш жүзүндѳ ѳздѳштүрѳ аласыз, ишкананын башка бѳлүмдѳрүнүн иши менен таанышып, дүйнѳлүк класстагы ѳндүрүштүк ишканалар кандай иштегенин жакшыраак түшүнѳ аласыз, долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу жана жеке өнүгүү иштерине катыша аласыз.

Тѳмѳндѳ берилген тармактарда билим алган ЖОЖ бүтүрүүчүлѳрүн издейбиз:

Курулуш инженериясы
Электротехника
Химия технологиясы
Металлургия
Экология
Маалымат технологиялары

Такшалма программасына катышуу үчүн:
• Жогоруда берилген адистиктер боюнча, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайын 2016 жылы бүтүргѳн болушуңуз керек;
• Чын ден соолукта болуу, медициналык жактан иштѳѳгѳ жарактуу болуу жана бийиктикте жайгашкан кенде иштѳѳнү каалашыңыз керек;
• Тийиштүү шарттарда практикалык жумуш көндүмдөрүн өздөштүрүүгө даяр болушуңуз керек;
• Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат.

Анкета жана резюмени 2016-ж. 20-июнь күнү саат 16:00-чейин HR_Kumtor@kumtor.com электрондук дареги аркылуу же 720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 («Учкун» АКнун имараты, 10-кабат) дарегинде тапшырсаңыз болот

Анкетада билдирменин төмөнкү номерин көрсөтүү зарыл: KS-16-28

Анкетаны бул жерден же жогоруда берилген даректен алсаңыз болот

Маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат

Предыдущая публикацияИнженер-геотехник (Кумтөр кенинде) Следующая публикация3 жана 4 курстун студенттери үчүн Жайкы такшалма программасы
27.11.2020: 9.51 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 736 090 794 USD
© 2011-2020 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.