Вакансия жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн НОРМАТИВДИК БАЗАНЫ САКТОО ЖАНА ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУ бөлүмүнɵ эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.
 

Талаптар:

• Тɵмɵнrү адистиктер боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2019-жылы бүтүрүү):
– Курулуш (ɵнɵр-жай жана жарандык курулуш, гидротехникалык курулуш ж.б.)
– Тоо-кен иштери
– Юриспруденция
– Энергетика

• Медициналык жактан бийик-тоолуу кен жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
• Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
• Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
• Тыкандык, команда менен иштей билүү;
• Компьютерди жакшы билүү;
• Иш-кагаздарын жүргүзүүнү (делопроизводство) билүү;
• Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет.

 

Милдеттер:

• Нормативдик базаны сактоо боюнча иштɵɵ усулдарын изилдɵɵ жана түшүнүү:
₋ Тоо-кен ɵндүрүш жаатында
₋ Шаар куруу жана архитектура жаатында
₋ Айлана-чɵйрɵнү коргоо жаатында
₋ Каттоо жана техникалык күбɵлɵндүрүү, техникалык шаймандарды, жабдууларды жана унааларды сыноо
– аспаптарды, ченɵɵ каражаттарды, радиостанцияларды ж.б. колдонуу

• Долбоордук документтерди даярдоо жана мамлекеттик органдарга макулдашуу үчүн тапшыруу
• Макулдашылган долбоорлордун документерин мамлекеттик органдарга архивацияга тапшыруу үчүн даярдоо.

Жумуш шарттары:

  • Эл аралык компанияда тɵлɵнүүчү такшалма
  • Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
  • Такшалма ɵтүү жайы – Бишкек
  • Такшалма графиги – 5/2

 

Конкурска катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны 2019-жылдын 30-май саат 16:00 чейин. HR_Kumtor@kumtor.com электрондук дарегине же Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов кɵчɵсү, 24 («Учкун» ААК, 10-кабат) дарегине тапшырыңыз.
  • Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.

 

Маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.