ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММА
Вакансия жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн МАТЕРИАЛДЫК–ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО бөлүмүнɵ эки жылдык такшалма программасына ɵтүүгɵ чакырат.
Талаптар:
- «Материалдык-техникалык камсыздоо», «Экономика» адистиктери боюнча жогорку билимге ээ болуу (оку жайды 2019-жылы бүтүрүү);
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Тыкандык, команда менен иштей билүү;
- MS Office программасын жакшы билүү;
- Англис тилин эркин билүү.
Милдеттер:
- Товарларды/тейлɵɵлɵрдү сатып алууга билдирмелерди иштеп чыгуу;
- Заказдарды жɵнɵтүү;
- Документтерди иштеп чыгуу;
- Заказдардын аткаруусуна байкоо жүргүзүү;
- Отчетторду жана башкаларды даярдоо.
Жумуш шарттары:
- Эл аралык компанияда тɵлɵнүүчү такшалма
- Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
- Такшалма ɵтүү жайы – Бишкек
- Такшалма графиги – 5/2
Конкурска катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
- Толтурулган анкетаны 2019-жылдын 30-май саат 16:00 чейин HR_Kumtor@kumtor.com электрондук дарегине же Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов кɵчɵсү, 24 («Учкун» ААК, 10-кабат) дарегине тапшырыңыз.
Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.
Маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.
Опубликовано: May 6, 2019